Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Кыргыз китептери Минскиде эл аралык жармаңке-көргөзмөгө коюлду


Кыргыз китептери Минск шаарындагы эл аралык жармаңке-көргөзмөгө коюлду
Кыргыз китептери Минск шаарындагы эл аралык жармаңке-көргөзмөгө коюлду

Кыргызстанда чыккан китептер Беларустун борборунда өтүп жаткан эл аралык китеп жармаңке-көргөзмөсүнө коюлду.

Иш-чара 18-февралда башталып, 21-февралда аяктайт. Бул тууралуу Беларустагы Кыргызстандын элчилиги кабарлады.

Көргөзмөгө Австрия, Азербайжан, Германия, Иран, Казакстан баштаган жыйырма өлкө катышууда. Ага Кыргызстандан "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору, Чыңгыз Айтматов баштаган бир нече авторлордун китептери коюлган.

Кыргыз китептери Көз карандысыз өлкөлөрдүн шериктештигинин отуз жылдыгына арналган "Китеп элди жана өлкөлөрдү бириктирет" аттуу көргөзмөгө да коюлуп, анда мамлекет тууралуу буклет, журналдар таркатылууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG