Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

Ирандын жолбашчысы Ноорузда сүйлөгөн сөзүндө "тоскоолдуктарды жоюу" тилегин айтты


Ирандык айым ноорузга байланыштуу сүрөт тартууда. Тегеран. 2021-жылдын 17-марты.
Ирандык айым ноорузга байланыштуу сүрөт тартууда. Тегеран. 2021-жылдын 17-марты.

Ирандын руханий жолбашчысы, аятолла Али Хаменейи чыгыш элдеринин Жаңы жылы (кыргызча «Улустун улуу күнү») – ноорузга арналган 20-марттагы түз обого чыккан сыналгы көрсөтүүсүндө быйылкы жыл үчүн “мол түшүм” каалады жана өкмөт өндүрүштү өрчүтүү үчүн ар кандай мыйзамдык бөгөттөрдөн арылсын деген тилегин айтты.

Хаменейинин айтымында, быйыл июнда боло турган шайлоо азыркы президент Хасан Роуханинин мураскорун тандоого мүмкүндүк берет жана бул өнөктүк жаңы жылды "маанилүү жана сезимтал" кылаары шексиз.

Ноорузга байланыштуу сүрөт тартылган жасалгалар орнотулууда. Тегеран, Иран. 2021-жылдын 17-марты.
Ноорузга байланыштуу сүрөт тартылган жасалгалар орнотулууда. Тегеран, Иран. 2021-жылдын 17-марты.


Шайлоо, балким, "жаңы башкаруучуларды алып келиши мүмкүн, алар, балким, жигердүү жана мүдөөгө бекем берилген инсандардан болушу ажеп эмес”, – деди Хаменейи.

Вашингтондо АКШнын президенти Жо Байден ноорузга карата кайрылуу жасап, тынчтыкка, бакыбатчылыкка жана өз ара түшүнүшүүгө чакырды. Ушул жыл, балким, дал ушундай чакырыктарга мурдагы жылдарга караганда алда канча көбүрөөк муктаж, деди Байден.

Байдендин өкмөтү 2015-жылы Иран дүйнөлүк ири мамлекеттер менен биргелешип кол койгон өзөктүк келишимди калыбына келтирүү жолдорун издеп жатат.

Келишим 2018-жылдан бери дээрлик кыйрап калган, анткени ошол кездеги АКШнын президенти Доналд Трамп Америка Кошмо Штаттарын бул келишимден чыгарып салган. Андан тышкары Трамптын өкмөтү Иранга каршы мурдагы санкцияларды калыбына келтирип, мунун айынан Ирандын экономикалык өнүгүүсүнө сокку урулган

Ноорузга байланыштуу кайрылуусунда президент Хасан Роухани жаңы жылы жогорудагы санкциялар токтотулат ко деп үмүттөнүп жатканын айтты. Ал жаңы жылда “COVID-19” илдетине каршы вакциналар менен калайыкты кеңири камсыздоого өкмөттүн атынан убада кылды. (TT)

XS
SM
MD
LG