Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:44

Иран Батыш менен бейрасмий жолугушуу сунушун четке какты


Президент Хасан Роухани "Улуттук өзөктүк кубат күнүнө" арналган иш-чарада. Тегеран. 2018-жылдын 9-апрели.
Президент Хасан Роухани "Улуттук өзөктүк кубат күнүнө" арналган иш-чарада. Тегеран. 2018-жылдын 9-апрели.

Иран 28-февралда АКШ жана Европанын ири мамлекеттери менен 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимди жандандыруу жолдорун талкуулоо үчүн расмий эмес жолугушуу өткөрүү сунушун четке кагып, алгач расмий Вашингтон өзүнүн бардык бир тараптуу чектөөлөрүн алып салышы керек деп талап кылды.

Иран Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Сайид Хатибзаде: "Америка Кошмо Штаттарынын жана Европанын үч дөөлөтүнүн акыркы иш-аракеттерин жана билдирүүлөрүн эске алганда, Иран азыркы учур – бул өлкөлөр менен ЕБнын тышкы саясат боюнча башчысы сунуш кылган расмий эмес жолугушууну өткөрүү убактысы деп эсептебейт", – деди. Бул тууралуу Ирандын маалымат каражаттары билдиришти.

АКШнын мурдагы президенти Доналд Трамп 2015-жылкы келишимден Вашингтонду чыгарып кеткенден кийин, 2018-жылы Иранга каршы чектөөлөрдү бир тараптуу калыбына келтирген.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча өкүлү Жосеп Боррелл тараптарга өзөктүк келишим көйгөйлөрү жаатында бейрасмий жолугушуу өткөрүү тууралуу сунуш киргизген соң, саал мурдараак Ирандын жетекчилиги расмий Тегеран бул сунушту иликтеп жатат деп билдирген болчу.


Иран менен АКШнын президенти Жо Байдендин жаңы өкмөтү 2015-жылкы келишимди жандандыруу үчүн биринчи кадамды ким жасашы керектиги боюнча кайчы пикирде болууда.

Иран биринчи кезекте АКШ өз санкцияларын алып салышы керек деп талап кылса, Вашингтон болсо оболу расмий Тегеран өзү улам күчөп бузуп жаткан бул келишимди аткарууга кайтып келиши керек деген талабын билдирип келет. (TT)

XS
SM
MD
LG