Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Иран өзөктүк келишимдин башка тараптарынан сөз эмес, иш күтөрүн жарыялады


Аятолла Али Хаменейи
Аятолла Али Хаменейи

Иран өзөктүк келишимге кол койгон башка тараптардан «сөз гана эмес, иш-аракет» да күтөт. Бул тууралуу Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменейи 17-февралда жасаган телекайрылуусунда билдирди.

Анда аятолла: «Биз буга чейин абдан жакшы сөз жана убадаларды көп укканбыз, бирок иш жүзүндө (алар) бузулуп же тетиринен чыккан. Бул жолу башка тараптар иш-аракет кылган соң гана биз да ишке өтөбүз»,-деп билдирди.

Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден Иран келишимдин шарттарын толугу менен аткара баштаса, Вашингтон келишимге кайтып келээрин билдирген болчу. Тегеран болсо алгач АКШ өзү коюлган шарттарды аткарышы керек деп эсептейт.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия "өзөктүк келишим" деген ат менен таанылган документке кол койгон. Ага ылайык Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө милдеттенме алган жана Иранга салынган эл аралык санкциялар токтотулган.

2018-жылы мурдагы президент Дональд Трамптын тушунда АКШ бул келишимден бир тараптуу чыгып кетип, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды колдонууну баштаган.

Буга жооп катары Тегеран өзөктүк келишимдин бир катар шарттарын аткаруудан баш тарткан.

16-февралда Иран өзөктүк келишимге кол койгон башка өлкөлөр милдеттерин аткарбаса, өз аймагындагы атомдук объекттерге БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин инспекторлорунун киришине тыюу саларын эскертти.

XS
SM
MD
LG