Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Орусия Иранды уран иштетүүдөн карманууга чакырды


Исфахандагы завод (Архивдик сүрөт)
Исфахандагы завод (Архивдик сүрөт)

Бириккен Улуттар Уюмунун инспекторлору Иран уран металлын чыгара баштаганын билдиришкенден кийин Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Тегеранды “карманууга” чакырды.

"Биз Ирандын аракеттеринин логикасын жана бул кадамга түрткөн себептерди түшүнөбүз. Буга карабай жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керек” – деди Рябков 11-февралда.

Атомдук энергия боюнча Эл аралык агенттиктин башкы директору Рафаэл Гросси шаршембиде мүчө мамлекеттерди кабардар кылгандай, ушул аптада текшерүүчүлөр Исфахандагы заводдо 3,6 грамм уран чыгарылганын бышыкташты. Бул көлөм аз болгону менен ядролук куралга өзөк болууга жетиштүү.

Уран металлын өндүрүү 2015-жылы түзүлгөн ядролук келишимди бузуу болуп саналат. АКШ Дональд Трамптын президенттиги маалында - 2018-жылы - Иран менен дүйнөлүк ири мамлеккеттер (Кошмо Штаттар, Орусия, Кытай, Улуу Британия, Франция жана Германия) кол койгон келишимден бир тараптуу чыгып кеткен. Ага кошумча Иранга каршы санкцияларды калыбына келтире баштаган.

Буга жооп катары Тегеран өзөктүк келишимдин бир катар шарттарын аткаруудан баш тартты. Алсак, январда уранды кайрадан 20 пайызга байытууга киришкен. Андай даражадагы уранды адатта курал жасоодо пайдаланышат.

Тегеран өзөктүк куралдын үстүнөн иштегенин четке кагып, атомдук программасы тынчтык максаттарын гана көздөөрүн айтып келатат.

Байдендин жаңы өкмөтү учурда өзөктүк келишимге кайтуу жолдорун караштырып жатат. Президент Байден эгерде Тегеран макулдашуунун шарттарына баш ийсе, анда Вашингтон да ошондой кадамга бараарын айткан. Бирок Иран Ислам жумурияты оболу АКШ өзү санкцияларды жеңилдетиши керек, деген талабын айтып, кеңири коопсуздук маселелери, анын ичинде ракета программасы боюнча сүйлөшүүлөр сунушун четке кагып жатат.

XS
SM
MD
LG