Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:06

Иран-АКШ: Өзөктүк келишим жана санкциялар


Ирандын президенти Хасан Роухани Тегерандагы өзөктүк программанын жаңы жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө, 9-апрель, 2018-жыл.
Ирандын президенти Хасан Роухани Тегерандагы өзөктүк программанын жаңы жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө, 9-апрель, 2018-жыл.

Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменейи эгерде АКШ Тегерандын Батыштын ири мамлекеттери менен өзөктүк келишимге кайтуусун кааласа, анда адегенде санкцияларды алып салууга тийиш деп билдирди.

Иран Ислам жумуриятынын мамлекеттик телеканалы тартуулаган жекшембидеги сөзүндө Али Хаменейи Вашингтон санкцияларды кагазда эмес, иш жүзүндө алыш керек деп билдирди:

"Иран келишимдеги талаптарды аткарсын десе, анда АКШ санкцияларды толугу менен алып салууга тийиш. Сөз жүзүндө же кагазда эмес, реалдуу түрдө болсо, биз ал чаралардын жоюлганын текшергенден кийин гана өзөктүк макулдашуудагы милдеттенмелерибизге кайтабыз. Иран Ислам жумурияты биздин бардык жетекчилер менен макулдашылган бул саясатын бекем жактайт жана андан тайбайт".

Серепчилер АКШ президенти Жо Байден ант бергенден кийин Хаменейи биринчи жолу бул маселеге кайрылганын белгилешет. Америкалык жаңы лидер Тегеран менен түзүлгөн келишимге кайтуу каалоосун билдирген.

Жергиликтүү гезитте ишембиде жарык көргөн интервьюда Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф расмий Вашингтон 2015-жылдагы келишимге кайтуу үчүн тезирээк аракет көрүүгө тийиш деп айткан. Эмне дегенде Иранда быйыл июнга шайлоо белгиленген. Ал эми өткөн декабрда парламент кабыл алган жободо айтылгандай, эгерде 21-февралга чейин АКШ санкцияларды жеңилдетпесе, анда Тегерандын туруму ого бетер катаал жагына өзгөрүшү ыктымал, деди Зариф.

Хаменейинин билдиргенинен кийин Зариф эгерде Америка убакытты создуктурса, анда утулушка гана ээ болот деп эскертти.

2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Доналд Трамп Иран менен дүйнөлүк ири мамлеккеттер - Кошмо Штаттар, Орусия, Кытай, Улуу Британия, Франция жана Германия кол койгон келишимден бир тараптуу чыгып кеткен жана Иранга каршы санкцияларды калыбына келтире баштаган.

Буга жооп катары Тегеран өзөктүк келишимдин бир катар шарттарын аткаруудан баш тартты. Алсак, январда уранды кайрадан 20 пайызга байытууга киришкен. Андай даражадагы уранды адатта курал жасоодо пайдаланышат.

Тегеран өзөктүк куралдын үстүнөн иштегенин четке кагып, атомдук программасы тынчтык максаттарын гана көздөөрүн айтып келатат.

Байдендин жаңы өкмөтү учурда өзөктүк келишимге кайтуу жолдорун караштырып жатат. Президент Байден эгерде Тегеран макулдашуунун шарттарына баш ийсе, анда Вашингтон да ошондой кадамга бараарын айткан. Бирок Иран Ислам жумурияты оболу АКШ өзү санкцияларды жеңилдетиши керек, деген талабын айтып, кеңири коопсуздук маселелери, анын ичинде ракета программасы боюнча сүйлөшүүлөр сунушун четке кагып жатат.

6-февралда Иранда ракеталардын аралаш суюк отунун чыгарган ишкана ишке берилди. Бул тууралуу жергиликтүү мамлекеттик телеканал маалымдады.

Трамп Барак Обаманын тушунда кол коюлган келишимди «эң начар» деп сындаган болчу, бирок сүйлөшүүлөрдүн европалык катышуучулары документти ири дипломатиялык ийгилик катары баалашат.

Өткөн жума күнү Германия, Франция, Улуу Британиянын тышкы иштер министрлери жана АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы Тегеран менен келишимдин айланасындагы маселелерди талкуулашты.

Былтыр сентябрда Иран президенти Хасан Роухани 2018-жылы санкциялар калыбына келтирилгенден бери өлкө 150 миллиард доллар чыгашага учураганын айткан. Жазалоочу чаралар Ирандын негизги деп саналган мунай жана банк тармактарын бутага алган.

XS
SM
MD
LG