Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Борбор Азиянын куугунтук көргөн бозгундары


АКШда жайгашкан "Freedom House" эл аралык бейөкмөт уюму 4-февралда жарык көргөн баяндамада ондогон өкмөттөр чет өлкөлөргө кеткен жарандарын куугунтуктап, зомбулук көргөзүп келгенин белгилейт.

Укук коргоочу уюм “Трансулуттук репрессиялар” деп атаган докладында өлкө сыртында да өз бийлигинин куугунтугуна учураган бозгундар тууралуу баяндаган.

Доклад авторлору Кытай, Түркия, Руанда, Сауд Арабиясы, Орусия жана Иранды ошондой практиканы өзгөчө кеңири пайдаланган өлкөлөр катары аташты.

Москва чет жактардагы орусиялык активисттерди өзгөчө агрессивдүү куугунтуктаганы, Кремль коркунуч катары сыпаттаган, ички маалыматтардан кабары бар адамдардын көзүн тазалоого чейин барганы белгиленет. "Freedom House" уюмунун санактарына ылайык, орус өкмөтү 2014-2020-жылдар аралыгында 26 кишини өлтүргөн же жок кылуу аракетин көргөн.

Иран режими үч өлкөдө беш кишинин көзүн тазалоого же өмүрүнө кол салууга аралашкан. Алар бутага Тегеран “террористтер” деп сүрөттөгөн диссиденттерди жана журналисттерди алышары айтылат.

Эксперттердин айтымында, Бээжин “геосаясий жана экономикалык таасиринен пайдаланып, бир катар өкмөттөрдү Кытайдын коммунисттик партиясын сындаган адамдарды, улуттук же диний азчылык өкүлдөрүн, качкындарды карматтырып, айрым учурларда депортацияланышын талап кылат”. Казакстан өз аймагында Кытайдагы аз улуттардын өкүлдөрүн кармаганы да белгиленген.

Докладда Кыргызстан чет жактарда жүргөн оппоненттерин такай бутага алганы тууралуу фактылар аз экени белгиленет. Уюм 2010-жылкы Ош окуяларынан кийин качкан өзбек улутундагы төрт киши ошондой куугунтукка кабылганын жазат. Алар 2013-2014-жылдары Бишкектин өтүнүчү менен Орусияда кармалып, кийин кое берилген.

Докладда айтылгандай, казак бийлигинин көңүл борборунда оппозициядагы саясатчылар, анын ичинде мурдагы банкир, мекенинде миллиарддаган акчаны уурдаган деп айыпталган Мухтар Аблязовдун жакын адамдары болуп келатат. Мисал катары 2013-жылы оппозиционердин жубайы менен жашы жете элек кызын Италиядан Казакстанга алып келүү боюнча чуулгандуу операция келтирилет. Ошондо Аблязовдун үй-бүлөсүнө алты айдан кийин Казакстандан чыгып кетүүгө уруксат берилген.

Дагы бир блогер Муратбек Тунгишбаевди казак бийлигинин өтүнүчү менен Бишкектен Астанага өткөрүп берүү окуясы баяндалган. Ал кезде блогердин саясий башпаанек алуу арызы Кыргызстандын миграциялык кызматында кароодо болчу. Тунгишбаевге “Казакстан демократиялык тандоосу” кыймылына мүчө болгон деген айып тагылган. Блогер аны саясий жүйөдөн улам куугунтукташканын айтып келди.

Докладда Казакстан менен катар Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана Орусия Интерполдун эл аралык издөө тууралуу циркулярларын активдүү пайдаланышары айтылган.

Тажикстандык бозгундар "Freedom House" уюмунун маалыматына караганда мурдагы советтик жумурияттар арасынан трансулуттук репрессиялардын эң чоң толкунунуна туш болду. Укук коргоочулар президент Эмомали Рахмон бийликти колуна топтоо аракети менен катар чет өлкөлөргө качкан оппозицияны бутага алганын белгилешет. Аймакта катталган 129 фактынын 38и Тажикстанга туура келет. Андай учурлар арасында кармоолор, мыйзамсыз депортация, кол салуу, дайынсыз жоголуу жана адам өлтүрүү бар.

2014-жылдан бери уюм трансулуттук репрессиялардын, анын ичинде адам өлтүрүү, адам уурдоо, кол салуу, кармоо жана мыйзамсыз депортация өңдүү 608 учурун каттаган. Тикелей же кыйыр куугунтуктардан жалпы жонунан 3,5 миллиондой киши жабыркаган.

XS
SM
MD
LG