Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Бишкекте кармалган активист жардам сурады


Муратбек Тунгышбаев
Муратбек Тунгышбаев

Казакстандын бийлигинин өтүнүчү менен Кыргызстанда кармалган активист Муратбек Тунгышбаев эл аралык уюмдарга кайрылып, жардам сурады.

Казакстандык оппозиционер, активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевдин эл аралык уюмдарга кайрылып, жардам сураган билдирүүсү 29-майда чыкты. Кыргызстандын атайын кызматы аны саясий негиздеги иш боюнча кармап, казак бийлигине өткөрүп бергени жатканын айткан Тунгышбаев эл аралык уюмдарды андай аракетти токтотууга таасир этүүгө чакырган.

“Башка саясий өңүтү бар иштердей эле Казакстан бийлиги кыйноо жана адам чыдагыс жагдайларда кармоо менен өздөрүнө ыңгайлуу жооп алууга аракет кылат. Ошондуктан эл аралык коомчулуктан мени колдоп, Казакстанга экстрадициялоону токтотууга чакырам деп айтылат” Тунгушбаевдин билдирүүсүндө.

Кайрылуу Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна, Европарламентке, Европалык комиссияга, Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясына жана башка уюмдарга жолдонгон.

Активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев жакында гана сол көзүнө операция жасатканын белгилеп, оор камак шартында зарыл медициналык жардам ала албай жатканын да айткан.

Тунгышбаев камакка алынардан бир мурун көзүнө операция жасаткан.
Тунгышбаев камакка алынардан бир мурун көзүнө операция жасаткан.

21-майда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны Казакстанга өткөрүп берүүгө макул болгон чечимин чыгарган. Токтом казакстандык активист кармалгандан 11 күн өткөндөн кийин чыккан. Астана Тунгышбаевди өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп айыптап жатат. Муратбек Тунгышбаев өзү да муну четке какпайт жана ал саясий негизде куугунтукталып жатканын билдирүүдө.

Активисттин жубайы Мерей Тунгышбаева Бишкектеги маалымат жыйынында буларга токтолду:

- Мен бул ишти саясий куугунтук деп эсептейм. Анткени жолдошума Казакстанда беш күн ичинде кылмыш ишин козгоп, бир аз күн өтпөй аны камоо чечим чыгарып, андан аз өтпөй эле эл аралык издөө жарыялашты. Ал эми жашап жаткан жерибизден 15 адамдан турган топ коркунучтуу кылмышкерди кармагандай алып кетишти.

Мерей Тунгишбаева жолдошунун сотунда. 28-май, 2018-жыл
Мерей Тунгишбаева жолдошунун сотунда. 28-май, 2018-жыл

Бишкектин Биринчи Май райондук соту активист кармалгандан кийин эле аны камакка алуу чечимин чыгарган. Анын адвокаты Нурбек Токтакунов райондук соттун чечимин талашып, шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот да 28-майда Тунгышбаевди камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Казакстанда “кылмыштуу топту каржылоо”, “экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу” боюнча айыпталган блогер учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Адвокат Нурбек Токтакуновдун белгилешинче, Кыргызстандын бийлиги Тунгышбаевди өзүнүн жана эл аралык мыйзамдарды бузуу менен Казакстанга өткөрүп бергени жатат.

- Сот жүйөлөрүбүздүн бирин да эске алган жок. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесине ("Кылмыштуу топту каржылоо") дал келген берене жок. Кишинев конвенциясы жана башка эл аралык, улуттук укук нормаларына ылайык, мындай учурда жарандарды башка өлкөгө берүүгө болбойт. Эгер берилбесе, камаганга да болбойт. Бул сыяктуу жүйөлөрдүн бири да сотто эске алынган жок, - деди Нурбек Токтакунов 28-майдагы шаардык соттун чечиминен кийин.

Муратбек Тунгышбаевдин бөгөт чарасын караган сот отуруму. Бишкек, 28-май, 2018-жыл
Муратбек Тунгышбаевдин бөгөт чарасын караган сот отуруму. Бишкек, 28-май, 2018-жыл

Казакстандык оппозиционер, активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев саясий баш паанек берүүсүн сурап Кыргызстандын бийлигине буга чейин арыз менен кайрылган.

Астана Тунгышбаевди өлкөдө тыюу салынган, бозгундагы оппозиционер Муктар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп санайт.

Буга чейин Астана соту "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын экстремисттик деп тапкан. Казакстандык ири ишкер жана банкир, мурдагы энергетика министри Мухтар Аблязов 2009-жылдан бери Европада жашынып жүрөт. Ал казак бийлиги өзүнө койгон айыптарды четке кагып келет. Аблязов Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп берүүгө макул болгон чечимин сынга алды. Былтыр июнда Аблязов Казакстанда "БТА банктан акча уурдоо" иши боюнча сыртынан 20 жылга соттолгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG