Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

"Жаңы казакстандыктардын" дымагы


"Жаңы Казакстан" форумунун катышуучулары, Брюссель шаары, 6-апрель 2018-жыл.
"Жаңы Казакстан" форумунун катышуучулары, Брюссель шаары, 6-апрель 2018-жыл.

Казакстанда көз каранды эмес саясат таануучулар жана активисттерден турган “Жаңы Казакстан” форуму мүдө-максаттарын коомчулукка жарыялады. Кыймылдын мүчөлөрү Алматыда алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, жаңы форум “элдин көзүн ачууну”, “бийлик менен диалог түзүүнү” көздөрүн айтышты. Бийликке сынчыл көз караштагы бул активисттер апрель айында Казакстандын тагдырын Брюсселде талкуулап келишкен эле.

“Жаңы Казакстан” форуму бир айдан ашык убакыт мурда түзүлгөнүнө карабастан анын мүчөлөрү эми гана алгачкы маалымат жыйынын өткөрүшүп, коомчулукта топтолуп кеткен суроолорго жооп беришти. Алар буга чейин жаңы кеңсе табуу сыяктуу уюштуруу иштери менен алек болуп келишкенин билдиришип, жаңы кыймылдын мүдөө-максатын түшүндүрүп беришти.

Активисттер “Жаңы Казакстан” форумун тилектеш адамдарды чогулткан аянтча деп мүнөздөшүп, анын төрагасы жоктугун, мүчөлөр бирдей укукка ээ экенин айтышты. Жакында бул форум коомдук уюмдардын башын бириктирген ассоциация катары каттоодон өткөнү жатат.

Анын башкы максаты – Казакстанды бийликтин алмашуусуна же президент Нурсултан Назарбаевден кийинки доорго даярдоо.

"Жаңы Казакстан" форумунун Алматыдагы маалымат жыйыны, 17-май 2018-жыл.
"Жаңы Казакстан" форумунун Алматыдагы маалымат жыйыны, 17-май 2018-жыл.

“Бул бийликтин транзити. Казакстандыктар гана эмес, сырткы дүйнө да саясий чечимди күтүп жатышат. Биздин оюбузча, коомчулук, алардын ичинде жарандык институттар, активисттер же коомдук бирикмелер сырттан гана байкоо салып, бийликтин айтканын кабыл алып отура бербеши керек. Биз буга толугу менен каршыбыз. Биз коомчулук бул процесске катышуусу зарыл деп эсептейбиз”,-деп билдирди форумдун мүчөсү, көз карандысыз саясатчы Амиржан Косанов.

Активисттер апрель айында Брюссель шаарына барганда айткан билдирүүлөрүн бул жолу да кайталашты. Алар Казакстандын жаңы Конституциясынын, ошондой эле шайлоо, саясий партиялар жана сөз эркиндиги жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун сунуштоону көз жатышат. “Жаңы казакстандыктар” бул аракет таза, ачык-айкын шайлоого жол ачат деп ишенишет.

Бирок жаңы форумдун демөөрчүсү ким? 1994-1997-жылдары премьер-министр болгон, кийин эл аралык издөөгө алынып, 10 жылга сыртынан кесилген Акежан Кажегелдинби? Же бозгундагы казак олигархы Мухтар Аблязовбу? Балким, бул Казакстандын президенттик администрациясынын жашыруун долбоорудур? Маалымат жыйынында ушул маселе да көтөрүлдү.

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Самарканддагы Ноорузга арналган иш-чарада, 21-март 2018-жыл.
Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Самарканддагы Ноорузга арналган иш-чарада, 21-март 2018-жыл.

“Кайсы бир адам кимдир бирөөлөрдү “сатып алган” деген сөздөрдү кеминде тажрыйбасыздык деп атаса болот. Баягы эле параноянын тескери багытта жайылышы. Бийлик ага атаандаш чыккандардын артында “аблязовчулар”, “мамлекеттик департаменттин кишилери” же дагы башка бирөөлөр турат десе, Аблязов да өзүнүн оюн айтат. Биринчиден, Аблязов өз элин сыйлашы керек. Бул өлкөдө өз акчасы менен Брюсселге барып, өз акчасына кеңсени ижарага алган адамдар табылаарын түшүнүшү керек”,-деди форумдун мүчөсү, саясат таануучу Айдос Сарым.

Эми “Жаңы Казакстан форумунун мүчөлөрү коомчулукту кызыктырган курч маселелерди талдап, анализ жүргүзөбүз деп белсенип турушат. Мындан тышкары жер-жерлерде уюмдун филиалдарын түзүү планы да бар.

Жаңы форумду канчалык оппозиция деп атоого болот? Бул суроого активисттер “биз бийликтин сынчыларыбыз, бирок диалогго даярбыз” деп жооп беришти.

Казакстандык өкүлдөр апрель айында Брюсселде Европарламенттин депутаттары менен да жолугуп, мамлекеттеги жалпы абалды талкуулашкан. Жолугушууларга катышкан бозгундагы казак саясатчысы Акежан Кажегелдин Казакстандын жаңы Конституциясынын бир долбоорун жазарын айтып, “Назарбаевден кийинки бийлик” тууралуу саясий жараяндарга катышуу маселесин козгогон.

Казакстанды 78 жаштагы Нурсултан Назарбаев дээрлик 30 жылдан бери башкарып келе жатат. Анын бийлигин жактаган казак парламентинин айрым депутаттары көз карандысыз саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин Брюсселдеги жолугушууларын “майнапсыз жыйын” деп мүнөздөшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG