Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:15

Казакстанда аткаминер аялдар аз


Казак президенти Нурсултан Назарбаев ар кайсы кесипти аркалаган аялдарды куттуктап жатат. (архивдик сүрөт)

Казакстанда саясатчылар менен аткаминерлердин арасындагы аялдардын үлүшү 10 пайыздын гана тегерегинде. Жогорку кызматты ээлегендери андан да аз.

Апрель айынын соңунда Казакстанда маалымат жана коммуникация вице-министри болуп Нургүл Мауберлинова, улуттук экономика вице-министри болуп Дана Жунусова менен Мадина Жунусбекова дайындалган.

Эки аялдын бир күндө вице-министрликке дайындалышы социалдык тармакта чоң талкуу жаратты. Вице-министр айымдардын жаштыгы да көңүлдөн сырт калбады.

Журналист Айгүл Омарова бийликке аялдардын келишин колдойт. Казакстанда аялдар эркектерге караганда кыйла көп экенине карабай, бийликте аялдар аз экенин белгиледи:

- Казакстан дүйнөдө өнүккөн элүү өлкөнүн катарына киргиси келсе, бийликке аялдарды көбүрөөк тартышы керек. Европада өкмөттөгү маанилүү кызматтарда аялдар отурат, мамлекет башкарган аялдар да бар. Кандай себептен Казакстанда аял киши премьер-министр, сенаттын же мажилистин төрайымы боло албайт? Мисалы, Казакстанда облус акими болуп бир да жолу аял киши дайындалган эмес.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев кызы Дарига менен.
Казак президенти Нурсултан Назарбаев кызы Дарига менен.

Омарованын баамында, бюджетти бөлүштүрүүгө укугу бар облустун акими сыяктуу жогорку кызматтар аялдарга берилбейт, бирок социалдык маселелер аялдарга жүктөлгөн.

- Мисалы, Эмгек жана калкты социалдык камсыздоо министрлигине көбүнчө аялдарды дайындашат. Бул министрлик - элдин социалдык маселелерин чечүүчү башкы мекеме.

«Аялдар социалдык маселелер менен чыр-чатактарды ыкчам жөнгө сала алышат» деген Омарова Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеваны мисал келтирет:

- Өлкөдөн Курманбек Бакиев куулгандан кийин президенттин милдетин убактылуу аткарган Роза Отунбаева - Борбор Азияда да аял киши өлкөнү башкара аларын көрсөткөн ачык мисал.

2000-жылдардын башында Павлодар облусунда акимдин орун басары болуп иштеген Бахыт Туменова Казакстанда аялдардын бийликке келишине тоскоолдук жараларын айтууда.

Туменова 2001-жылы «Казакстандын демократиялык тандоосу» деген кыймылга кошулуп, оппозициялык ой-пикирлерин ачык айта баштаганда кызматынан алынган. Туменова аялдардын башкаруу кызматына аз тартылышын «совет мезгилинде социалдык топторго квота» берилгендей эле деп сүрөттөдү.

- 1990-жылдары мен эки жолу шайлоого катыштым. Бир аймактан эки аял, үч эркек талапкерлигин көрсөткөн. Анда аялдар алдыга чыгып кеткен. Анткени, ал жылдары шайлоодо калыстык бар болчу. Азыр өзүн өзү көрсөтүп чыккандарды да тыя башташты. Мунун баары аялдардын жигердүүлүгүнө тоскоолдук кылат.

Туменованын айтымында, аялдардин бийликке келиши үчүн шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, шайлоонун ачыктыгын жана тазалыгын камсыз кылып, жалаң эле гана депутаттарды эмес, акимдерди да шайлаш керек:

Тамара Дуйсенова
Тамара Дуйсенова

- Нурсултан Назарбаев эмгек жана калкты социалдык камсыздоо министри Тамара Дуйсеновага: «Чарчаган жоксуңбу?» деген суроо бергенден кийин кызматынан бошоткон. Дуйсенова облустун акиминин орун басары болуп иштеген, бир нече министрликти жетектеген. Министр катары бир нече иштерди баштаган.

Туменова Дуйсенова облустун акими болушу керек эле деген ойдо. Бирок, Тамара Дуйсенова 2018-жылы февралда министрлик кызматтан алынып, «Нур Отан» партиясынын катчысы болуп дайындалган.

Жарандык активист Ерлан Калиев «Казакстанда гендердик саясат жемишин берип жатат» деген сөздөргө ишенбейт. Ал бийлик башка чет өлкөлөргө "Казакстанда аялдардын укугу сакталат" деп көрсөтүш үчүн гана аялдарды жогорку кызматка алып келет деген ойдо:

"Нур Отандын" съезди
"Нур Отандын" съезди

- Аялдарды көптөгөн жогорку кызматтарга дайындоого шарт бар. Азыр парламентте облус акимдеринен калышпаган аялдарды көрөсүң. Бирок аларды дайындагандан бир нерсе өзгөрөт деп ишенбейм.

1998-жылы Казакстанда Аялдардын иши, үй-бүлө жана демографиялык саясат боюнча улуттук комиссия түзүлгөн. Анын максаты үй-бүлөнүн кызыкчылыктарын коргоо, аялдардын мамлекеттин саясий, социалдык, экономикалык жана маданий турмушуна катышуусуна шарт түзүү болгон. Комиссиянын курамына жогорку кызмат адамдары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирет.

Улуттук комиссиянын маалыматы боюнча азыркы парламенттеги депутаттардын 22 пайызы аялдар. 2017-жылы мамлекеттик жана саясий кызматкерлердин арасындагы аялдардын саны 10,1 пайызды түзгөн. Өлкөдө 80 облус болсо, анын тогузунун акими аял, 201 райондук акимдердин бешөө аял, 600дөй акимдин орун басарларынын 87си аял.

2009-жылы Казакстанда «Эркектер менен аялдарга бирдей укук жана мүмкүнчүлүк берүү боюнча мамлекеттик кепилдик тууралуу» мыйзам кабыл алынган. Ошол жылы өлкөдө 7 722,8 миң эркек жана 8 282 миң аял катталган. Быйыл Казакстандын калкы 18 195 миң кишиге чейин көбөйдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG