Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Аблязовдун айынан "Телеграм" жабылабы?


Telegram
Telegram

Казак бийлиги Европада баш калкалап жүргөн оппозиционер Мухтар Аблязовго каршы чабуулун күчөттү. 3-апрелде ага «киши өлтүрүүнү уюштуруу» боюнча кылмыш иши ачылды. Удаа эле Аблязовдун айынан бийлик "Телеграм" мессенжери жабылышы ыктымал деп эскертүүдө.

Казакстандын Маалымат жана коммуникация министрлиги "Телеграм" мессенжерине талап койду.

Анда мессенжерден Мухтар Аблязовдун "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын маалыматтарын тараткан баракчалар өчүрүлүшү керек деп айтылган. Болбосо мессенжер өзү Казакстанда блокко алынышы мүмкүн.

Маалымат министри Даурен Абаев РИА-Новости агенттигине мындай деди:

- Учурда билдирүүнү Telegram мессенжеринин администрациясы карап жатат. Эгер сот чечими аткарылбаса, Казакстандын мыйзамдарына ылайык министрлик мессенжердин республика аймагында таралышын чектөөдөн тарта толук жабууга чейинки чара көрүшү мүмкүн.

"Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын сот 14-мартта "экстремисттик" деп тааныган. Ушундан кийин кыймылдын ишин медиада, социалдык сайттарда чагылдырууга тыюу салынган. Кимде ким Аблязовдун кыймылын колдоп же үгүттөсө – айткан дегендери соттук экспертизага салынып, экстремизм беренеси боюнча жазага тартылышы ыктымал.

Мухтар Аблязов
Мухтар Аблязов

Укук коргоочу Галым Агелеуов мындай цензура, сөз эркиндигин чектөө Назарбаевдин башка да сынчыларына колдонулганын белгиледи:

- Ошол чаттын айынан "Телеграмдын" баарын жабабыз дегени албетте туура эмес. Бул Алиевге байланыштуу ишти эске салат. Эсиңерде болсо, анын бир эле блогунун айынан бүтүндөй Life Journal жабылган. Бул ачыктан ачык цензура, чоң жаза. Мындай кылбаш керек.

Акыркы эсеп боюнча дүйнөдө Телеграммды айына 200 млн. киши колдонот. Казакстанда "Инстаграм", "Фейсбук" сыяктуу алдыңкы катарда болбосо да атагы артып келатат.

"Телеграммда" башка социалдык сайттар сыяктуу эле айрымдар каражат табат, же жөн гана бири-бири менен байланышат, ой-пикирлерин жазып, өнөрүн көрсөтөт.

21-кылымда бир эле кыймылдын баракчасынын айынан эбегейсиз дүйнөлүк байланыш түйүнүн кантип бууп коет деп казакстандык интернет колдонуучулары айран таң:

- "Телеграммды" колдоном. Анткени ал жакка сүрөт жайгаштырсаң сапаты мыкты бойдон сакталат. Мен фотографмын. Тиркеме мыкты. Аны болбогон нерсенин айынан жаап коюу такыр туура эмес...

..."Демократиялык тандоо кыймылын" эле жаап койбойбу. Мени дагы кошушкан: топпу же паблик беле, унуттум. Ал жактан араң чыгып кеттим. Айла канча, "Телеграмды" өчүрөбүз десе өчүрөт да. Албетте өкүнүчтүү.

Аблязовго каршы жаңы кылмыш иши

3-апрелде казак Башкы прокуратурасы Аблязовго жаңы кылмыш ишин козгоду. Ага 2004-жылы "ТуранАлем" банкынын башкы менеджери Ержан Татишевди "өлтүрүүнү уюштурган" деген айып тагылууда.

Аблязов буга чейин социалдык сайттарга Татишевдин өлүмүнө эч кандай тиешеси жок экенин жазган. Ал ошондой эле өткөн айда Татишевди өлтүрүүгө «буйрук берген» деп айтыпталып, 10 жылга кесилген ишкер, «Казстройстекло» заводунун ээси Муратхан Токмадини тааныбай турганын билдирген.

Казакстандык ири бизнесмен жана банкир, мурдагы энергетика министри Мухтар Аблязов 2009-жылдан бери Европада бозгунда жүрөт.

Ал өткөн жылы сыртынан 20 жылга кесилген. БТА банкын жетектеп турганда "банк ичинде кылмыштуу топ түзгөн, кызматын кыянат пайдаланган, ири өлчөмдө акча уурдаган жана банктын каражатын мыйзамсыз колдонгон" деген айыптар тагылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG