Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Бишкекте сот казакстандык активистти камакта калтырды


Мурат Тунгышбаев.
Мурат Тунгышбаев.

Бишкек шаардык соту 28-майда казакстандык оппозиционер, активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Казак бийлиги издөөгө алган активист 10-майда Кыргызстанда кармалган.

Апелляциялык соттун чечимин анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Адвокаттын айтымында, келтирилген жүйөлөр эске алынбай, бир тараптуу бүтүм чыгарылды.

- Сот жүйөлөрүбүздүн бирин да эске алган жок. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесине ("Кылмыштуу топту каржылоо") дал келген берене жок. Кишинев конвенциясы жана башка эл аралык, улуттук укук нормаларына ылайык, мындай учурда жарандарды башка өлкөгө берүүгө болбойт. Эгер берилбесе, камаганга да болбойт. Бул сыяктуу жүйөлөрдүн бири да сотто эске алынган жок, - деди Нурбек Токтакунов.

Астана Тунгышбаевди бул өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп айыптап жатат. Казакстанда кылмыштуу топту каржылоого, экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышууга байланыштуу айыпталган блогер учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Ал саясий куугунтукка кабылганын билдирүүдө.

21-майда Башкы прокуратура Бишкекте кармалган жана саясий башпаанек сураган активист, блогер Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп берүүгө макул болгон. Токтом казакстандык активист Бишкекте кармалгандан 11 күн өткөндөн кийин чыккан.

XS
SM
MD
LG