Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:36

Тегеран түштүк кореялык кемени коё берүүгө макул болду


Түштүк кореялык танкер. Ормуз кысыгы, 4-январь, 2021-жыл.
Түштүк кореялык танкер. Ормуз кысыгы, 4-январь, 2021-жыл.

Тегеран түштүк кореялык кеменин экипажын коё берүүгө макул болду. Ирандын маалымат каражаттары Тышкы иштер минстрлигинин басма сөз өкүлү Саид Хатибзадеге шилтеме кылып жазышкандай, 20 кишиден турган команда «гуманитардык негизде» бошотулууда. Иран революциясынын сакчылар корпусунун аскерлери Түштүк Кореянын желеги астында сүзүп жүргөн танкерди 4-январда Ормуз кысыгынын жанында кармап, алар айлана-чөйрөнү булгап жатышат деп айыптаган. Кемени иштеткен компания бул дооматты четке каккан.

Ошол маалда Тегеран менен Сеулдун ортосунда чыңалуу күчөп турган. Ирандын активдери АКШнын санкцияларына ылайык Түштүк Корея тарабынан камакка алынган. Тегеран кемени кармоо барымтага алууга тете деген айыптоону четке кагууда.

XS
SM
MD
LG