Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Иран уруксат берилгенден ашык уранды байытканы белгилүү болду


Фордодогу атомдук электр станциясы.
Фордодогу атомдук электр станциясы.

Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф өз өлкөсү бир ай ичинде 17 килограмм уран байытканын жарыялады.

Бул тууралуу спикер Фордодогу Атомдук электр станциясына 28-январда барган учурда билдирди. Маалыматты Атом энергетикасы боюнча агенттиктин басма сөз катчысы Бехруз Камалванди ырастап, чынында эле өлкөдө 17 килограмм байытылган уран бар экенин билдирди.

Өзөктүк курал өндүрүү максаты бар экенин четке кагып келген Иран тынчтык максатында гана жылына 20% урандан 120 килограмм өндүрүүгө убада берген. Бул айына 12 килограммдан туура келет. 250 килограмм 20% уран менен өзөктүк курал өндүрсө болот.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия өзөктүк келишим деген ат менен таанылган документке кол койгон. Ага ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө милдеттенме алган жана Иранга салынган эл аралык санкциялар токтотулган.

2018-жылы АКШ бул келишимден бир тараптуу чыгып кетип, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирген. Андан бери Иран да келишимдин айрым талаптарын аткарууну токтотуп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG