Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:13

Орусиялык даңазалуу актёр Василий Лановой дүйнөдөн кайтты


Василий Лановой. 2019-жылдын 21-марты.
Василий Лановой. 2019-жылдын 21-марты.

Даңазалуу советтик жана орусиялык театр жана кино өнөрпозу, СССР эл артисти Василий Лановой 28-январда 88 жашында Москва шаарында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги кабарлады. Саал мурдараак Лановой коронавируска чалдыгып, ооруканага жаткырылган.

Василий Лановой 1934-жылы 16-январда Москвада туулган. 1957-жылдан тартып Москвадагы Вахтангов атындагы театрда иштеп келген. Ал «Павел Корчагин», «Алоо кызыл жел кайык», «Согуш жана тынчтык», «Жаздын он жети көз ирмеми», «Офицерлер» сыяктуу көркөм тасмаларда тартылган.

Ал Орусиянын Эмгек Баатыры, совет доорунда – Лениндик сыйлыктын лауреаты болгон.

Лановой өмүрүнүн соңку жылдары саясий жана маданий өнөктүктөргө да катышып келген. Ал 2014-жылы Крым боюнча расмий Кремлдин турумун жактаган, ал эми 2018-жылы Владимир Путин президенттик үчүн кайрадан ат салышканда, анын ишенимдүү өкүлү болгон. (TT)

XS
SM
MD
LG