Линктер

бейшемби, 21-март, 2019 Бишкек убактысы 05:34

Советтик жана орусиялык актер Олег Табаков дүйнө салды


Олег Табаков, 4.10.2017

СССРдин эл артисти, актер жана режиссер Олег Табаков 82 жаш курагында дүйнө салганын ал жетектеген театрдын маалымат кызматы билдирди.

Табаков Чехов атындагы Москвадагы көркөм театрдын жетекчиси болгон. Актер өз атынан театр негиздеп, анын да көркөм жетекчиси эле. Орусия президентинин алдындагы маданият жана искусство боюнча кеңештин мүчөсү болгон.

2014-жылдын 11-мартында ал Путиндин Украина жана Крым боюнча саясатын колдогон маданият ишмерлеринин кайрылуусуна кол койгон.

2017-жылдын ноябрында ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер анын канына инфекция жукканын аныкташкан. 2-декабрдан бери эс-учуна келе албай жаткан.

Табаков көп сериялуу «Жаздын он жети ирмеми» фильминдеги Үчүнчү рейхтин чалгын кызматынын башчысы Вальтер Шелленбергдин ролу менен көпчүлүктүн эсинде калган. Актер "Простоквашино" мультфильминде мышыкты – Матроскинди сүйлөткөн.

XS
SM
MD
LG