Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Орусиялык маданий ишмерлер Украинага кире албайт


Орусиянын 140 маданий ишмерине Украинага кирүүгө тыюу салынганын Жогорку Раданын депутаты Ольга Червакова Фейсбукка расмий жарыялады.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 50 чактысы өткөн жылдын 3-декабрынан бери Украинага кире албайт. Дагы 87 орусиялык маданият ишмери Украинанын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет деген жүйө менен өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган. Алардын катарында Олег Газманов, Иосиф Кобзон, Сергей Безруков, Михаил Боярский, Николай Расторгуев, Иван Охлобыстин, Михаил Пореченков, Григорий Лепс, Владимир Бортко, Павел Лунгин, Александр Розенбаум, Василий Лановой, Дмитрий Харатьян, Олег Табаков, Наталья Варлей жана башкалар бар.

Украинага азыр Земфира, Андрей Макаревич, Юрий Шевчук жана Лия Ахеджакова, Олег Басилашвили, Валентин Гафт сыяктуу айрым артисттер гана кире алышат.

XS
SM
MD
LG