Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

АКШ өзөктүк келишимди "чыңдоого" умтулган чакта, Иран өз талабын күчөттү


МАГАТЭнин башчысы Рафаэл Гросси Тегеранга жасаган иш сапарынан кийинки маалымат жыйынында. Вена аба майданы. 2021-жылдын 21-февралы.
МАГАТЭнин башчысы Рафаэл Гросси Тегеранга жасаган иш сапарынан кийинки маалымат жыйынында. Вена аба майданы. 2021-жылдын 21-февралы.

Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсү 22-февралда өлкө өзөктүк программага байланышкан ишкана жайларды тез арада текшерүүгө мүмкүндүк берген Кошумча Протоколду жүзөгө ашырууну аяктаганын тастыктады.

Бул кадам 2015-жылы дүйнөлүк ири мамлекеттер менен Ирандын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимге ылайык калыптанып жаткан өзөктүк кепилдик андан ары ыдырап жаткандыгын билдирет.

Бул эскертүүлөр Тегеран уранды байытууну кескин күчөтүү мүмкүнчүлүгүн иликтеген учурда жана расмий Вашингтон менен анын Батыштагы башка өнөктөштөрү мурдагы президент Доналд Трамптын бийлиги маалында 2018-жылы АКШнын Ак Үйү таштап кеткен Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планы (JCPOA) деп аталган келишимди сактап калууга аракет кылып жатышкан кезеңде шардана кылынды.

Ирандын президенти Хасан Роухани Тегерандагы өзөктүк программанын көргөзмөсүндө. 2018-жылдын 9-апрели.
Ирандын президенти Хасан Роухани Тегерандагы өзөктүк программанын көргөзмөсүндө. 2018-жылдын 9-апрели.

Кошумча протоколдон чыгуу тууралуу сөз Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменейинин "өзөктүк маселедеги турумубуздан тайбайбыз" деген чакырык камтылган кескин билдирүүлөрүнөн кийин айтыла баштады.

Хаменейинин айтымында, Тегеран уранды байытууну 60 пайызга чейин көтөрүп, бирок бомба жасоо үчүн зарыл 90 пайыздык деңгээлден төмөн кармап турушу мүмкүн. Бирок бул сере өткөн айда расмий Тегеран жарыялаган 20 пайыздык байытуу мерчеминен алда канча жогору жана Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планынын алкагында макулдашылган 3.67 пайыздык чектен бир нече эсе көптүк кылат.


АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү 60 пайыздык байытуу тууралуу сөз “коркунуч жаралгандай” угулат, бирок Вашингтон ар кандай жоромолдор менен сес көрсөтүүлөргө көңүл бөлүп отурбайт, деп айтканы кабардалды. Ак Үйдүн басма сөз катчысы Женн Псаки АКШнын европалык шериктери Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планынын азыркы мүчөлөрү менен бейрасмий жолугушуу өткөрүү сунушу боюнча Ирандын жообун дагы эле күтүп жатышканын билдирди.

Өткөн айда эле бийликке расмий киришкен АКШнын президенти Жо Байдендин өкмөтү 22-февралда билдирүү жасап, эгерде Тегеран иш-аракеттер планынын шарттарын бекем карманчу болсо, анда Вашингтон да ушундай эле нукка түшө тургандыгын тастыктады. АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен БУУнун демилгеси менен өткөн куралсыздануу боюнча жыйында чыгып сүйлөп, Вашингтон Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планынкеңейтүүгө жана чыңдоого үмүттөнөт, деп айтты.


Эл аралык өзөктүк кубат агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси 21-февралда Тегеранга жасаган иш сапарынан кайтып келди. Ал Иранда өзөктүк ишканаларды текшерүү жаатындагы убактылуу келишимдин алкагында сапарда болду.

Тегеран Вашингтондон АКШнын 2018-жылы киргизилген жазалоочу чектөөлөрүн алып салууну талап кылып келет, ал эми Вашингтон бардык өзөктүк милдеттенмелерин аткарууга биринчи болуп кайтып келүүгө Ирандын бийлигин чакырды. (TT)

XS
SM
MD
LG