Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Роухани: АКШ өз санкцияларын алып салса, Иран дароо жеңилдикке барат


Ирандын президенти Хасан Роухани өкмөт отурумунда. Тегеран. 2021-жылдын 17-февралы.
Ирандын президенти Хасан Роухани өкмөт отурумунда. Тегеран. 2021-жылдын 17-февралы.


Иран бийлиги Америка Кошмо Штаттары экономикалык санкцияларды алып салаары менен 2015-жылдагы дүйнөлүк ири мамлеккеттер менен түзүлгөн өзөктүк келишимдеги чараларга ылайык кадамдарга барууга даяр экендигин билдирди.

Ирандын президенти Хасан Роухани 7-мартта: "Иран АКШнын мыйзамсыз санкциялары алынып салынгандан кийин жана коркутуп-үркүтүү саясатынан баш тарткандан кийин гана өзөктүк келишимдин негизинде токтоосуз компенсациялык чараларды көрүп, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр", – деп билдирди.



Роухани бул билдирүүнү Ирландиянын тышкы иштер министри Саймон Ковни (Simon Coveney) мырзаны маанилүү өзөктүк келишимди кайра жандандыруу боюнча дипломатиялык аракеттердин алкагында кабыл алып жатып айтты.

Роухани келишимге кол койгон европалык мамлекеттерди – Улуу Британия, Франция жана Германияны – алардын келишимдеги өз милдеттенмелерине болгон аракетсиздиги деп өзү баалаган жагдай үчүн сынга алды. Анын айтымында, Иран мындай кырдаал үчүн жогорку "баасын төлөгөн жалгыз тарап" болуп калды.

АКШнын президенти Жо Байден 2015-жылдагы өзөктүк келишимди жандандырууга даяр экендигин билдирди, бирок оболу Иран бардык өзөктүк милдеттенмелерине кайтып келүүсү керек деп талап кылды.


АКШнын мурдагы президенти Доналд Трамп Вашингтонду Ирандын өзөктүк программасын чектөө максатын көздөгөн келишимден бир тараптуу чыгарып кеткен соң, Иранга каршы 2015-жылга чейинки чектөөлөрдү 2018-жылы кайра киргизген болчу.

Иран болсо өзөктүк программа боюнча мурда өзү 2015-жылдагы келишимге ылайык тоңдуруп салган айрым иш-аракеттерди акырындап өркүндөтүп жүргүзө баштаган. (TT)

XS
SM
MD
LG