Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Тегеран АКШ санкцияларын алмайынча уран байытууну токтотууга макул эмес


Ирандын президенти Хасан Роухани өзөктүк программанын жетишкендиктери тууралуу угууда. Тегеран, 2018-жыл, 9-апрель.
Ирандын президенти Хасан Роухани өзөктүк программанын жетишкендиктери тууралуу угууда. Тегеран, 2018-жыл, 9-апрель.

Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалы аты аталбаган жогорку кызмат адамына шилтеме берип кабарлады. Бул АКШнын маалымат каражаттарында Вашингтон Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы тирешүүнү жөнгө салуу боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү сунуштай турганын жазган билдирүүдөн кийин чыкты.

Ирандын жогорку кызмат адамы Press TV телеканалына АКШ өзүнүн Иранга карата бардык санкцияларын алып сала турган болсо, Тегеран уранды 20 пайызга чейин байытууну токтотот”, – деп бул телеканал сайтына жазды.

Анда ирандык аткаминердин эгерде АКШ санкцияларын албаса, анда Тегеран 2015-жылдагы Иран менен дүйнөлүк державалардын ортосундагы макулдашуудагы милдеттемелерин дагы кыскарта турганын айтканына шилтеме берилген.

АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Иранды эл аралык өзөктүк макулдашууну сактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүүгө умтулууда.

Бул макулдашуу Иран өзөктүк программасын чектесе, анда аны эл аралык санкциялардан бошотуу мүмкүнчүлүгүн карайт. Ал эми Иран өзөктүк программа жарандык максатта гана колдонуларын айтып келет. Бирок АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2018-жылы бул келишимден чыгып, Иранга каршы кайрадан экономикалык санкцияларды киргизген. Тегеран буга жооп кылып, макулдашуудагы уранды байытууну 3 пайыздык чектен ашырбоо боюнча милдеттенмесин бузган.

Өткөн айда Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик Иран уранды 20 пайызга чейин байытып, анын запасы 2015-жылы бекитилген чектен 14 эсе ашып кеткенин ырастаган.

АКШдагы айрым маалымат каражаттары 29-мартта Ак үйдөгү өзөктүк маселени билген эки маалымат булагына таянып, Вашингтон ушул жумада кырдаалдан чыгуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жандантуу боюнча жаңы сунуш менен чыгарын жазышкан.

XS
SM
MD
LG