Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Дүйнөнүн ири дөөлөттөрү Ирандын өзөктүк программасын талкуулайт


Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге кол койгон өлкөлөрдүн туулары
Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге кол койгон өлкөлөрдүн туулары

Дүйнөнүн алты ири мамлекети менен расмий Тегерандын өкүлдөрү Ирандын өзөктүк программасы тууралуу 2-апрелде виртуалдуу жыйынга чогулат. Анда бул келишимге АКШнын кайтышын жол-жобосу талкууланат.

Бул боюнча Евробиримдик 1-апрелде билдирүүсүн расмий Вашингтон кубаттап жатканын, өзөктүк келишимге кайтуу үчүн керектүү кадамдарды жасоого даяр экенин билдирген. Виртуалдуу жыйынга Кытай, Франция, Германия, Улуу Британия, Орусия жана Ирандын өкүлдөрү катышат.

“Катышуучулар АКШнын өзөктүк келишимге кайтышынын перспективаларын жана аны бардык тараптардын толук, кыйшаюсуз аткарышын талкуулашат”, -деп айтылат билдирүүдө.

Мындан алты жыл мурун Иран менен дүйнөнүн алты дөөлөтү - АКШ, Улуу Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия өзөктүк келишим деген ат менен таанылган документке кол койгон. Ага ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөө тууралуу милдеттенме алган жана Иранга салынган эл аралык санкциялар токтотулган.

Бирок 2018-жылы АКШ бул келишимден бир тараптуу чыгып кетип, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирген болчу.

Кошмо Штаттарда быйыл жыл башында бийлик алмашкан соң, Жо Байдендин өкмөтү өзөктүк программага кайтуу боюнча сүйлөшүүлөргө колдоо кылууда.

XS
SM
MD
LG