Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

ИРАНДЫН ӨЗӨКТҮК ПРОГРАММАСЫ 30 ЖЫЛ ИЛГЕРИ БАШТАЛГАН


Кыргызстан менен Ирандын соода-экономикалык алака-катышы 45 миллион долларды түздү. Келечекте эки өлкөнүн соода-экономикалык карым-катышы 200 миллион долларга чыгышы ыктымал. Бул кабарды Ирандын Кыргызстандагы элчиси билдирди.

Ирандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммад Реза Сабури менен Казвин провинциясынын көргөзмөлөрдү уюштуруу компаниясынын президенти Хамид Аттори эки өлкө ортосундагы экономикалык карым-катыш жылдан-жылга тереңдеп баратканын белгилешти.

Элчи Мохаммад Реза Сабури Ирандын тышкы саясатына токтолуп, ушу тапта жаамы дүйнөнү түйшөлтүп аткан өзөктүк программалардын чоо-жайын чечмелеп берди. Анын ырасташынча, Иран кыйла жылдан бери тынч максатты көздөгөн өзөктүк программаларды ишке ашырууда. Өлкөдө калктын санынын кескин көбөйүшү энергияга болгон муктаждыкты күчөтүүдө. Ошол себептүү ушу тапта Иран кеминде 20 атом электр станцияларына муктаж.

- Мындан 30 жыл илгери ислам ыңкылабы болгонго дейре АКШ менен Европа өлкөлөрү Иранда атом электр станциясын курууга куштар болуп биртоп долбоорлор иштелип чыккан. Ислам ыңкылабына чейин Германия Бушер шаарында атом электр станциясын курууга киришкен,- деп айтты Мохаммад Сабури.

Ирандын өзөктүк программалары 1978-жылкы ислам ыңкылабына чейин эле башталган. Көтөрүлгөн эл жеке өкүмдар бийлигин кулаткандан кийинки расмий Тегерандын Батыш өлкөлөрү менен татаалдашып кеткен мамилесинин айынан Германия башталып калган ишин токтотуп, Бушердеги атом электр станциясынын курулушун аягына чыгаруу милдетин орусиялык компания өзүнө алган.

Мохаммад Реза Сабури Ирандын өзөктүк программалары эларалык атом энергетика агенттиги – МАГАТЭнин көзөмөлүндө жүрүп жатканын айтты.

- Ирандын бардык өзөктүк программалары МАГАТЭнин кылдат көзөмөлүнүн алдында жүрүүдө. Анын баары тынч максатты көздөгөн иштер. Буга чейин атом агенттигинин адистери Ирандын өзөк программасын ишке ашырып аткан жерлеринде 2000 ирет болушту.Өзөк программасын ишке ашырып аткан объектилердин баарында такай көзөмөлдөөчү жабдуулар коюлган.

Иран элчиси Кыргызстанда АКШнын абабазасынын турушу эки өлкөнүн соода-экономикалык карым-катышына салакасын тийгизбей тургандын ырастады. Расмий Бишкектин Ооганстандагы саясий кырдаал турукташкан соң бул жерден АКШнын аскерлери чыгарылып кете тургандыгы тууралуу ырастоосуна ишене тургандыгын билдирди.

Кийинки кездери Иран постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрү менен соода-экономикалык алака-катышын күчөтүү амалын жасоодо. Ирандын Казвин провинциясынын көргөзмөлөрдү уюштуруу компаниясынын президенти Хамид Атторинин маалымдашынча, буга ирандык ишкерлер өзгөчө кызыкдар.

- Биз мына ушул көргөзмө аркылуу эки өлкө ортосундагы өнөр жай өндүрүшүнүн, карым-катыштын мүмкүнчүлүгү чоң экенин азыноолок ырастай алсак, ушуга курсант болор элек,- деп айтты Хамид Аттори.

Ирандын өзөктүк программаларынын жыйынтыгы кандай чыгарын эмитен болжош кыйын. Эларалык уюмдардын, Батыш өлкөлөрүнүн сестүү эскертүү, өтүнүчтөрүнө карабастан, расмий Тегеран көжөлүп экономикалык кызыкчылыгын алдыга жайып аларды ишке ашыруунун аракетин көрүүдө.

XS
SM
MD
LG