Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Өкмөт: Кыргызстанда коронавирус боюнча абал оңой эмес


Артем Новиков. Архивдик сүрөт.
Артем Новиков. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда азыр коронавирус боюнча абал оңой эмес. Бул тууралуу бүгүн 14-апрелде биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Бишкекте ыктыярчы уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда айтты:

“Абал оңой эмес, бирок көзөмөлдө. Күч жана каражат азырынча толук жетиштүү. Силердин жардамга муктаждык жаралбайт деп ишенгим келет”, - деди Новиков.

Ыктыярчылар менен жолугушуу Бишкек мэриясында вице-мэр Айжан Чыныбаеванын катышуусу менен өттү.

Чыныбаева ыктыярчылар медицина кызматкерлери, автомашинасы менен жардам берчүлөр, тамак жагынан колдоо көрсөтө тургандар жана “кызыл зонада” иштей турган деген төрт топко бөлүштүрүлүп, зарылчылык болсо иш ошого жараша жүргүзүлөрүн айтты.

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жугузуп алгандар жана каза болгондор көбөйүүдө. Алардын көбү Бишкекте жана Чүйдө. Расмий маалыматка караганда, оору жуккандар өлкөдө 90 миңден, каза тапкандар 1,5 миңден ашты.

Коронавирустун биринчи толкуну 2020-жылдын жай айларына туш келип, ыктыярчылар элге жана дарыгерлерге чоң жардам беришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG