Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 12:53

УКМК чыккынчылык үчүн шектүүлөрдүн бири Марат Казакпаев экенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары кармалган эки адамдын биринин аты-жөнү Марат Казакпаев экенин 14-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) расмий кабарлады.

Мекеменин өкүлү Назгүл Кыдыралиева алар ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында табылган далилдердин негизинде 13-апрелде кармалганын айтты:

"Сотко чейинки териштирүүнүн материалдары улуттук коопсуздукка тиешеси бар болгондуктан иш купуялык негизде каралат. Эгер шектүүлөрдүн күнөөсү далилденсе, алар 10 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал".

УКМК кармалган экинчи адамдын аты-жөнүн ачык айткан жок жана ал тууралуу М.Т. деп гана маалымат берди.

Териштирүү Жазык кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” деген 307-беренесинин биринчи бөлүгүнүн негизинде жүрүп жатат.

Кыргызстанда Марат Казакпаев деген ат менен саясат талдоочу адам белгилүү.

Казакпаевдин тарапташтары же адвокаттары азырынча атайын кызматтын айыптоосу тууралуу комментарий берише элек.

Кыргызстанда буга чейин дагы "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренеси менен кармалып, соттолгондор болгон. Алардын бири - өкмөттүк аппаратта иштеген Алтынбек Муралиев 2014-жылы кармалып, 22 жылга соттолгон жана 2019-жылы жатак абакка чыгарылган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG