Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

БШК Ороктогу окуя тууралуу: Аялдардын мыйзамдуу укугуна тоскоолдук жаратпоо керек


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аялдардын жергиликтүү кеңештердеги 30 проценттик квотасы мамлекеттин конституциялык милдети жана аялдардын мыйзамдуу укугу экенин эскертти.

14-апрелде Боршайком Чүйдүн Орок айылындагы окуя боюнча расмий билдирүү таратып, жергиликтүү кеңешке талапкер болгон аялдардын мыйзамдуу шайлоо укуктарын ишке ашырууга жолтоо болбошу керектигин белгиледи.

БШК билдиргендей, аялдар Кыргызстанда калктын 52 пайызынан ашык болгонуна карабастан айыл кеңештеринде алар тогуз проценттин айланасында гана болчу.

Айылдык кеңештеги орундардын 30 процентин аялдарга калтыруу тууралуу мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Бул эреже быйыл 11-апрелде өткөн жергиликтүү шайлоолордо алгач ирет колдонулду. 7560 орундун 2943үн аялдар ээлеши керек.

Чүйдүн Сокулук районундагы Орок (Жогорку Орок) айылында айрым эркек талапкерлер жергиликтүү кеңештердеги аялдардын 30% квотасына каршы чыгышкан. Боршайком бул окуяны азыр милиция жана жергиликтүү шайлоо комиссиясы териштирип жатканын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG