Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:45

COVID-19: Эки бейтап каза болду, вирус 240 кишиден табылды


Мамлекеттик мекеменин кире беришиндеги эскертүү. Ноокен району. Апрель, 2021-жыл.
Мамлекеттик мекеменин кире беришиндеги эскертүү. Ноокен району. Апрель, 2021-жыл.

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы эки киши каза болду.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдиргендей, алардын экөө тең Бишкектеги ооруканада жаткан.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1534кө жетти.

14-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 240 кишиден табылып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болду.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында (133), андан кийин Чүй облусунда (85), Ысык-Көл облусунда (10), Ош облусунда (5), Талас облусунда (4), Баткенде (2), Нарында бир учур аныкталды.

Пандемияда илдетти жугузуп алгандар 90 839, айыккандар 86 313 кишини түздү. Бир күн аралыгында 161 бейтап айыкты.

Ушу тапта стационарларда оору менен алышып жаткан 968 бейтаптын 25инин абалы канааттандыраарлык, 675и орто оор, 228и оор, 40 киши өтө оор абалда. Үй шартында (амбулатордук) дарылангандар 1058ге жетти. (NT)

XS
SM
MD
LG