Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 19:04

Кыргыз Эл артисти Анатолий Адали 80 жашта


Кыргыз Эл артисти Анатолий Адали. (сүрөт Ч. Айтматов атындагы орус драма театрынын сайтынан алынды)

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Анатолий Адали 80 жашта. Буга байланыштуу бүгүн, 14-апрелде Ч. Айтматов атындагы орус драма театры актердун катышуусунда "Янтарга оролгон сүйүү" деп аталган спектаклин тартуулайт.

Анатолий Адали өмүрүнүн 60 жылга жакынын театрга арнаган, анын ичинен 40 жылдан ашуун убакыттан бери Айтматов атындагы драма театрда иштеп келет.

Ал жүздөгөн спектактлдерде ойноп, көптөгөн мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктарга ээ болгон. 1990-жылы Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, ал эми 2000-жылы Эл артисти наамын алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG