Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Байден Бруклин-Сентер аймагынын тургундарын тынчтыкка чакырды


Миннесота штатындагы афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки полиция имаратынын алдындагы нааразылык. Бруклин-Сентер. 12-апрель, 2021-жыл.
Миннесота штатындагы афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки полиция имаратынын алдындагы нааразылык. Бруклин-Сентер. 12-апрель, 2021-жыл.

АКШ президенти Жо Байден Бруклин-Сентер аймагынын тургундарын тынчтыкка жана коомдук тартипти сактоого чакырды.

Ал жаш афроамерикалык жарандын өлүмү тартылган видеотасмалар менен таанышканын айтты. Байден Ак үйдө журналисттерге маалымат берип жатып:

"Биз кайгы менен кастыкты түшүнөбүз. Бирок бул зомбулук менен талкалоолорду актабайт", - деп билдирди.

20 жаштагы афроамерикалыктын өлүмү аны кармоого аракеттенген полиция кызматкеринин төшүндөгү камерага тартылган. Андагы тасмалар окуя болгондон бир күндөн кийин жарыяланды.

Миннесота штатындагы Бруклин-Сентер шаарынын мэри окуянын себептери иликтенерин убада кылды.

АКШнын Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында дүйшөмбүгө караган түнү 20 жаштагы афроамерикалык Данте Райт полициянын колунан каза тапкан.

Буга нааразы болгон жүздөгөн адам 12-апрелде Миннеаполистин четиндеги Бруклин-Сентер шаарчасында полициянын кеңсесинин жанына чогулуп, ортодо кагылыш орун алды.

Анда полиция жаш агызчу газ менен кулак тундурган граната колдонду. Демонстранттар полициянын эки машинесин ташбараңга алышты. Бул окуя тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Полиция Данте Райтка кандай жагдайда ок жаңылганы тууралуу маалымат берип, окуяны "күтүүсүз кырсык" деп атады жана каршылык акциясына чыккандарды зордук-зомбулуктан карманууга чакырды.

Баштапкы тергөө материалдарына ылайык, полиция афроамерикалыкты машинеси менен жол эрежесин бузганы үчүн токтоткон, документтерин текшере келгенде, аны камакка алуу тууралуу ордер бар экени аныкталган. Райт полицияга баш бербей качууга аракет кылган. Бул учурда полиция кызматкери анын машинесин карай ок чыгарган. Бир нече көчөнү аралай качып, башка бир машинени сүзүп токтогон Райт октон алган жараатынан улам ошол жерде үзүлгөн.

XS
SM
MD
LG