Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:31

Өзбек-казак чек арасында ири соода борбору курула баштады


Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы Гишткуприк-Жибек-Жолы чек ара өткөрмө бекети.
Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы Гишткуприк-Жибек-Жолы чек ара өткөрмө бекети.

Өзбек өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, өткөн жуманын этегинде Өзбекстан менен Казакстан чектешкен чек ара тилкесиндеги Гишткоприк-Жибек Жолы чек ара өткөрмөсүндө жаңы курула турган ири соода борборунун пайдубалы куюлду.

Борбор Азия чөлкөмүндөгү чек аралаш жерде ири соода борборунун курулушун баштоо боюнча салтанаттуу аземге эки мамлекеттин өкмөт башчылары да катышты.

Бул Борбор Азия чөлкөмүндөгү уникалдуу долбоор эки өлкө үчүн тең пайдалуу жана мындан аркы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт ”,-деп айтылат Өзбекстандын өкмөтү тараткан билдирүүдө.

Бул соода борборунда өзбекстандык, казакстандык соодагерлер иштеп, бардык сатуучулар менен кардарларга бирдей кызмат көрсөтүлөт.

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү үч эсе көтөрүп, жакында 10 миллиард долларга чыгаруу максаты коюлганын билдирди.

Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматы чек арада курулуп жаткан жаңы соода түйүнү 400 гектар жерди ээлеп, 35 миң соода ордун камсыздоого ылайыкташып, 5 миңден ашуун жүк ташуучу автоунаа үчүн токтотмо болорун кабарлаган.

XS
SM
MD
LG