Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Турапов: Опера жана балет театрындагы симфониялык оркестрдин аспаптары эскирген


"Ак куу көлү" балети (Фото архивден, макалага тиешеси жок).
"Ак куу көлү" балети (Фото архивден, макалага тиешеси жок).

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрындагы симфониялык оркестрдеги музыкалык аспаптар, артисттердин кийимдери дээрлик 70 жылдан бери жаңыланган эмес. Бул тууралуу театрдын жетекчиси Керим Турапов 12-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди:

"Сексен кишиден турган симфониялык оркестрдеги аспаптар 70 жылдан бери алмашкан эмес. Кийип турган кийимдери - смокинг жана фрак дегендер тытылып бүткөн. Бүгүнкү күнү ал аспаптарга тетик да алып бере албайбыз. Атайын эсепке чогулган акчадан чогултуп, былтыр 210 миң сомго тетик алып бергенбиз. Академиялык опера-балет театрында жакшы, жогорку деңгээлдеги симфониялык оркестр болууга тийиш. Муну протокол үчүн айтып коёюн, бул жагынан да мамлекет колдоо көрсөтпөсө, театрда кыйынчылыктар дагы болушу ыктымал".

Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети 12-апрелде опера-балет театрындагы чыр боюнча иликтеген комиссиянын бүтүмүн жана сунуштарын укту. Жыйынга театрдын жетекчилери жана нааразы болгон артисттер да катышты. Артисттер айлык акынын аздыгын, театрда чыгармачылык үчүн шарт түзүлбөгөнүн, таланттуу ырчы-бийчилер чет өлкөлөргө кетип жатканын айтышты.

Быйыл 6-мартта театрда “Ак куу көлү” спектаклин коёр алдында театрда чыр чыккан. Спектакль башталар алдында артисттер сахнага чыкпай коюшкан. Иш-чараны уюштурган “Радужка” фонду окуяга кыргызстандык труппанын өкүлдөрү Орусиядан келген артисттер менен иштешкиси келбегени себеп болду деп түшүндүргөн. Ошондой эле гонорар маселеси да келип чыкканы айтылган. Кыргызстандык артисттер билети кымбат коммерциялык спектаклге бекер иштеп келатканына нааразылыгын билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG