Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:15

Жанарбек Акаев: Бийлик "капчыктуу" партиялардын утушуна кызыкдар  


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо негизинен акчалуу партиялар утуп чыкканын айтып, бул бийликке ыңгайлуу деген пикирин билдирди. Депутат “Фейсбуктагы” баракчасына "капчыктуулар" бийликтин айтканына көнөт деп жазды:

“Алар кайсы бийлик болбосун коркунуч жаратпайт жана бийликтин айтканы менен болот. Элдин талабы алар үчүн экинчи орунда, биринчи кезекте бийликтин буйругун кынтыксыз аткарып беришет. Анткени артында чоң бизнестери турат. Ошон үчүн бийлик алардын добуш сатып алуусуна көз жумуп коёт, тымызын колдойт. Аларда үгүтчү жалдаганга, жарнамага, эң башкысы добуш сатып алганга каражаты бар”, - деп жазды Акаев.

Акаев каражаты аз, утулуп калган партияларды күрөштү улантып, элдин аң сезимин ойготууга чакырды.

Бишкек, Ош шаарларында айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып чыгышты. Бишкекте бир нече партиянын өкүлдөрү кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылып, шайлоо комиссиясынын алдына митингге чыгышты. "Бүтүн Кыргызстан", "Коммунисттер", "ДДК", "Тынчтык", "КСП", "Улуу Журт", "Бийлик элге", "Жашылдар" партиясынын ондогон тарапкерлери "бир катар одоно мыйзам бузуулар болду" деген негизде башкалаадагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.

11-апрелдеги шайлоодо Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 25 партиянын талапкерлери ат салышты. Баштапкы жыйынтык боюнча, алты партия 7% чектен өттү. "Эмгек" партиясы 9 мандат, "Ак Бата" 8, НДПК 8, "Ата Журт Кыргызстан" 7, "Ынтымак" 7, "Биздин эл" 6 мандат алышы мүмкүн.

Жекшемби күнү Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду. Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Баш мыйзамдын долбоору жалпы элдик добушка коюлду. Ага шайлоочулардын 37% ашыгы гана келип, 79% ашыгы "макул" деген добуш беришти. Боршайкомдун билдирүүсүндө, шаардык кеңештерге мандаттар пропорционалдуу система менен бөлүштүрүлөт.

Азыркы учурга чейин 98% шайлоо тилкелерден маалымат келди. Добуштарды саноо уланып жатат. Ага жараша жыйынтыкта өзгөрүү болушу мүмкүн. (TSh)

XS
SM
MD
LG