Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

Бишкекте 16 жаштагы кыз изделүүдө


Изделип жаткан Назик Уланованын сүрөтү.
Изделип жаткан Назик Уланованын сүрөтү.

Бишкек шаардык милициясы 7-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Назик Уланова изделип жатканын кабарлады. 11-апрелде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө шаар тургуну өспүрүм кызы 7-апрелде саат 15:30 чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы жөнүндө арыз менен кайрылган.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Милиция кыздын сүрөтүн жарыялап, кандайдыр бир маалымат болсо 0771 14-11-90, 0500 33-99-66, 0500 79-33-33 жана 102 телефондоруна чалууну өтүнөт.

Буга чейин 27 жаштагы Айзада Канатбекованы Бишкектин көчөсүнөн белгисиз үч адам күчтөп автоунаага салып кеткени тууралуу маалымат милицияга 5-апрелде саат 7:21 чамасында берилген. Бул учур жол боюндагы кафенин видеокамерасына түшүп калган. Тасма ошол эле күнү интернетке тараган.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Бишкек шаардык милициясы адам уурдоого шек саналган 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирди.

Бул окуя коомчулукта милицияга сынды күчөттү. Бишкек менен Ошто ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өтүп, 40тан ашуун милиция кызматкери иштен бошотулду. (TSh)

XS
SM
MD
LG