Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:13

Курсан Асанов үй камагына чыкты


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Бишкек шаардык соту 12-апрелде ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду үй камагына чыгарды.

Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, 26-январда кармалган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган.

Курсан Асанов былтыр Бишкекте октябрь окуяларындагы калайман башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган.

Ал соңку президенттик шайлоого катышкан жана жалпы шайлоочулардын 0,5% добушун алган. Кийинчерээк шайлоонун жана мамлекетти башкаруу системасын аныктаган референдумдун жыйынтыгына макул эмес экенин билдирген.

Асанов 2010-жылдын июнь айынан сентябрына чейин Ош шаардык ички иштер бөлүмүн жетектеген. 2010-2011-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2011-жылдан 2019-жылга чейин ички иштер министринин орун басары болуп эмгектенген.

Мындан сырткары ага "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деген берене менен, "Кой-Таш окуясына жана мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун арызынан улам кылмыш иштери дагы козголгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG