Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2022 жума, Бишкек убактысы 01:52

Бишкекте милиция добуш сатып алуу фактылары тууралуу иш козгоду


Далил акчалар. Бишкек ш. 11-апрель, 2021-жыл. (Сүрөт милицияга таандык).

Бишкектеги №1208 шайлоо участогунда добуш сатып алуу аракети болгонун тилкедеги тартипке көз салып турган милиция кызматкери кабарлаган. Анда "А" аттуу жаран НДПК партиясына добуш топтоо максатында шайлоочуларга 1000 сомдон акча таратканын билдирген.

Милиция бул факты тууралуу Жоруктар кодексинин 192-беренеси ("Шайлоочуларды сатып алуу") менен иш козгоп, сотко чейинки өндүрүшкө алды.

Тергөөнүн жыйынтыгында шайлоо тилкесинин жанынан "Равон" үлгүсүндөгү автоунаадан үч жаран "добуш сатып алууга" шек саналып, кармалган. Унааны тинтүү учурунда НДПК партиясынын үгүт материалдары табылган. Ал эми Ю. Б. аттуу жарандын капчыгынан 18,7 миң сом, 202 доллар, 4000 рубль алынган.

Шектүүлөр милиция бөлүмүнө жеткирилген. Тергөө уланууда. Аталган партияга буга байланыштуу азырынча үн ката элек.

Ички иштер министрлиги 11-апрелдеги шайлоо жана референдумга добуш берүүдө түрдүү мыйзам бузууларга байланыштуу 70 кайрылуу келип түшкөнүн кабарлаган. Анын отузу тастыкталбагандыктан, иштен кыскартылган.

Добуш берүүгө жалпы өлкө боюнча 370 байкоочусу көз салган "Жалпы иш" коомдук уюму шайлоодо мыйзам бузулушу мүмкүн делген жүзд өн ашык учур катталганын кабарлады. Алардын 65и Бишкекте, 36сы Ош шаарында орун алды.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Баштапкы расмий маалыматтарга ылайык, жалпы тизмедеги шайлоочулардын 35,30% добуш берди. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG