Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:40

"Социал-демократтар" шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды


КСДП партиясынын өкүлдөрү БШКнын алдында. 11-апрель, 2021-жыл.
КСДП партиясынын өкүлдөрү БШКнын алдында. 11-апрель, 2021-жыл.

11-апрелде шайлоонун алгачкы жыйынтыгы жарыялангандан кийин "Социал-демократтар" партиясынын бир нече мүчөсү Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына нааразылык акциясына чыкты.

Алар шайлоо таза өтпөгөнүн айтып, анын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты.

Аталган партиядан Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон Темирлан Султанбеков «Эмгек», «Ынтымак», «Ак Бата» жана НДПК партияларын "добуш сатып алган" деп айыптады. Жаш саясатчы бул партиялардын добуштарын жокко чыгарып, калган добуштарды кайрадан эсептеш керек деген оюн билдирди. Аталган партиялардын өкүлдөрүнөн айтылагн дооматтар тууралуу комментарий алууга мүмкүн боло элек.

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов нааразы тараптан кайрылуу жоктугун, негиздүү далилдер болсо караларын маалымдады.

Буга чейин вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков шайлоо жана референдум "таза өттү, административдик ресурс колдонулган жок" деп билдирген.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо өттү. Аны менен кошо Конституциянын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлган.

Баштапкы жыйынтыкка ылайык, Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жети партия 7% чектен өттү.

Референдумда шайлоого келгендердин 79% ашыгы президенттик башкаруу ыкмасын колдошту. (NT)

XS
SM
MD
LG