Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Оштогу добуш сатып алуу фактысы бирдиктүү реестрге катталды


Ош облусу. Кара-Суу районундагы добушканалардын бири. 11-апрель, 2021-жыл.
Ош облусу. Кара-Суу районундагы добушканалардын бири. 11-апрель, 2021-жыл.

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдум башталгандан бери Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна 25 маалымат түштү.

Бул тууралуу БШК мүчөсү, жумушчу топтун мүчөсү Тынчтык Шайназаров 11-апрелдеги брифингде билдирди. Анын айтымында, 12 маалымат текшерилди. Калганы боюнча иш жүрүп жатат жана анын жыйынтыгында кошумча чара көрүлөт.

Шайназаров Ошто талапкерлердин биринин шайлоочуларды сатып алып, акча таратып жатканы тууралуу видео факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кабарлады. Териштирүү иштери уланууда.

Буга чейин журналисттер Ошто бир катар мыйзам бузуулар тууралуу видео жарыялаган. Анын жыйынтыгында бир нече добушканалардагы шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылганы кабарланган. (NT)

XS
SM
MD
LG