Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

Саат 12:00ге карата жарым миллиондой шайлоочу добуш берди


Оштогу шайлоо тилкелеринин бири. 2021-жылдын, 11-апрели.
Оштогу шайлоо тилкелеринин бири. 2021-жылдын, 11-апрели.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 11-апрелде саат он экиге карата жарым миллиондой адам добуш берүүгө катышты. Жергиликтүү кеңешке 445 533, референдумга 465 121 киши келди.

Шаардык кеңештерге 133 116 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 12,68% түздү.

Ал эми айылдык кеңештер үчүн 312 417 адам добуш берип, жалпы шайлоочулардын 13,77 пайызына барабар болду.

Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш бергендер 12,90% жетти. Башкача айтканда 465 121 киши добуш берүүгө келди.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. (TSh)

XS
SM
MD
LG