Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Түркияда эки шайлоо тилкеси ачылды


Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги.
Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги.

11-апрелде Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш берүү үчүн Анкарадагы элчиликте жана Стамбулдагы Башкы консулдукта эки шайлоо тилкеси ачылды. Бул эки тилкеде жалпысынан 1532 шайлоочу бар. Алардын 701и Анкарада, 831и Стамбулдагы башкы консулдукта катталган.

Коронавирус пандемиясындагы чектөөлөрдөн улам Түркияда дем алыш күндөрү коменданттык саат киргизилген. Ошондой эле кечки саат 21.00дөн таңкы саат 5.00гө чейин өлкө боюнча көчөгө чыгууга тыюу салынган. Бирок элчилик түрк бийлигинен консулдук каттоодо турган кыргызстандыктар үчүн атайын уруксат алынганын кабарлаган.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу.
Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет. (ElB)

XS
SM
MD
LG