Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Ош: Беткабында белгиси бар шайлоочулардын иши тергелүүдө


Белгиленген беткап тагынган шайлоочулар. Ош, 11-апрель, 2021-жыл.
Белгиленген беткап тагынган шайлоочулар. Ош, 11-апрель, 2021-жыл.

Ош шаарындагы №5278 шайлоо участкасында добуш берүүчүлөр белгиленген беткап тагынып кирип жаткан сүрөт-видеолор коомдук тармактарда жайылууда.

Ош шаардык милициясынын маалыматына ылайык бул иш тергелип жатат, бирок азырынча кандайдыр бир юридикалык баа бериле элек.

«Азыр ондогон маалыматтар келип жатат. Беткабына кандай, эмне деген белги коюп алганын билбейбиз. Бул иш боюнча кабарыбыз бар. Ишти тергөөгө өткөрүп бердик», - деди Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

«Азаттыктын» жеринде жүргөн кабарчысы беткабында белгиси бар шайлоочуну милиция кармап кеткенин билдирди.

Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 9 партиядан 707 талапкер катталган. Шаарда 151 миңден ашуун киши шайлоого катышат.

Кыргызстанда бүгүн референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. Өлкөдө 448 аймакта, же болбосо 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. (DU/MrA)

XS
SM
MD
LG