Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:26

БШК: жаран референдумдун бюллетенин албай коюуга укуктуу (түшүндүрмө)


Оштогу шайлоо тилкелерининин бири. 2021-жылдын, 11-апрели.
Оштогу шайлоо тилкелерининин бири. 2021-жылдын, 11-апрели.

Президенттин ыйгарым-укуктарын кеңейткен Коонституциянын жаңы долбоору боюнча референдумда добуш берүүнү каалабаган жарандар референдум бюллетенин алуудан баш тартууда.

Шайлоо тилкелеринде эки бюллетень даярдалган - бири жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого, бири Баш мыйзам жөнүндөгү добуш берүүгө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов добуш берүүдөгү бюллетендер боюнча “Азаттык” түшүндүрмө берди. Анын айтымында, жаран референдумдун бюллетенин албай коюуга укугу бар.

“Акт түзүлбөйт, шайлоочунун референдумга катышпоо укугу бар. Катышпайм, бюллетень албайм десе эч нерсе болбойт. Бирок, бюллетенди алып кетүүгө укугу жок. Алгандан кийин тандоосун кылышы керек. Эки бюллетенге өз өзүнчө дүмүрчөк берилет”, - деди Бекматов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоочу референдумга каалган жерде добуш бере албай тургандыгын, буга чейин катталган шайлоо тилкесинде гана шайлоого укуктуу экенин айтты.

Учурда социалдык тармактарда бюллетендер боюнча суроолор көп болуп жатат.

Референдум үчүн добуш берүүнү каалабаган адамдарга да айрым добушканаларда референдумдун бюллетенин таңуулап берип жатканы айтылууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу. Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет. (TSh)

XS
SM
MD
LG