Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Жапаров: Баш мыйзам долбоорун биринчи жолу өзүбүз жаздык (видео)


Президент Садыр Жапаров добуш берүүдө. 2021-жылдын 11-апрели.
Президент Садыр Жапаров добуш берүүдө. 2021-жылдын 11-апрели.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңешке шайлоо жана Баш мыйзам боюнча референдумга добуш берип жатып, “Кыргызстан буга чейин башка мамлекеттерден көчүрүлгөн Конституция менен жашап келген” деп билдирди.

“Отуз жыл аралыгында Конституцияга көп жолу өзгөртүүлөр киргизилди. Бирок кайсы бир мамлекеттен же кайсы бир булактардан Конституциянын долбоорун көчүрүп жазып алып, ошону менен жашап келдик. Биринчи жолу Конституциянын долбоорун аксакалдар, академик, юридикалык докторлор болуп жүзгө жакын адамдын катышуусу менен өзүбүз иштеп чыгып, түз эфирде элдин талкуусу менен ачык даярдап чыккан Баш мыйзамды кабыл алуу алдында турабыз”, - деди президент.

Мамлекет башчы кыргызстандыктарды референдумга активдүү катышууга чакырды. Президент Садыр Жапаров Чоң-Арыктагы №1053 шайлоо участкасында добуш берди.

Садыр Жапаров добуш берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:20 0:00

Президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна курган маегинде жаңы Конституция үчүн биринчи жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болорун, андан сырткары элде дагы өтө маанилүү жоопкерчилик бар экенин айткан.

Жаңы долбоор боюнча, президент беш жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат. 2021-жылы шайланган президент иштеп жаткан Конституцияга ылайык ыйгарым укуктарын алты жылга жүргүзөт жана бул анын биринчи президенттик мөөнөтү болуп эсептелет.

Мамлекет башчысы аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт. Азыркы өкмөттүн ордуна Министрлер кабинети түзүлөт. Министрлердин кабинетин жетектеген адам президенттик администрацияны да башкарып калат.

Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму менен бирге Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча корутундусун жарыялаган. Анда сунушталган Баш мыйзам кабыл алынса, бийлик бир колго топтолору, тең салмактуулук бузулары белгиленген. (TSh)

XS
SM
MD
LG