Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

Алты добушканада шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкек шаарындагы алты добушканада 10-апрелде көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

"Республика" партиясынын арызы менен кечээ беш добушканадагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Андан кийин социалдык медиада дагы башка партиялардын арыздары да жарыяланып, дагы бир тилкедеги добуштарды жокко чыгардык", - деди Маматов.

10-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо менен катар Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууга байланыштуу референдумга көчмө добуш берүү жүрдү. Ага 17 099 адам добуш берүүчү катышты.

Добуш берүүдөн соң НДПК, "Реформа" жана "Республика" партиялары Бишкек шаарындагы көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышты. Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы (НДПК) өз арызында добуш берүү Бишкектеги добушканаларда бирдей уюштурулбай, ага майыптыгы бар адамдар же жашы улгайгандар эмес, башка эле адамдар катышканын, добуш бергендерди белгисиз бирөөлөр коштоп жүргөнүн жазып, 10-апрелдеги добуш берүүнү тыкыр иликтөөнү талап кылган билдирүүсүн социалдык тармактагы баракчаларында таркатты.

"Реформа" партиясы мыйзам бузуулардын баарын байкоочулар каттап алганын белгилеп, аймактык шайлоо комиссиясынан добуш сатып алууга жана шайлоочуга басым жасоого тиешеси бар партияларды шайлоодон четтетүүнү талап кылган билдирүү жарыялады.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына "Республика", "Кыргызстан социал демократтары", "Улуу Журт", "Ак Бата" партиялары да жеринен добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу арыз менен кайрылышты.

Кыргызстанда бүгүн, 11-апрелде жаңы Конституциянын долбоору референдумга коюлат жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG