Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

Добушканалардагы коопсуздукту 11 миңдей милиция көзөмөлдөп жатат


Жалал-Абаддагы добуш берүү.
Жалал-Абаддагы добуш берүү.

Бүгүн, 11-апрелде өтүп жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жана Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу референдумда өлкөдөгү добушканалардын, шайлоочулардын коопсуздугун 11 миң милиция кызматкери көзөмөлдөп жатат.

Тартип сакчылары добуш берүүнүн жүрүшүн, шайлоо тилкелериндеги кырдаалды карап, коомдук тартипти жөнгө салып турушат.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы коронавирус шартына байланыштуу добуш берүүдө санитардык эпидемиологиялык коопсуздукка да көңүл бурулганын билдирди. Мекеме добушканалар маал-маалы менен тазаланып, шайлоочулар бир эшиктен кирип, башка эшиктен чыгып жатканын маалымдады.

Мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоочулар үчүн 1255 кыска номери иштеп жатат. Кыргызстандын бардык аймагында жергиликтүү шайлоо жана референдумда добуш берүү үчүн шайлоо тилкелери саат 08:00дө ачылды.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат. (BCh)

XS
SM
MD
LG