Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Бир нече партия көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

10-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого жана Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууга байланыштуу референдумга көчмө добуш берүү болду. Ага 17 099 адам добуш берүүчү катышты, алардын 4 990у Бишкек шаарынан.

Мыйзам боюнча шайлоо тилкесине келе албагандар арыз менен кайрылып, бир күн мурда үйүндө добуш берсе болот.

Добуш берүүдөн соң НДПК, "Реформа" жана "Республика" партиялары Бишкек шаарындагы көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышты.

Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы (НДПК) өз арызында добуш берүү Бишкектеги добушканаларда бирдей уюштурулбай, майыптыгы бар адамдар же жашы улгайгандар эмес, башка эле адамдар катышканын, добуш бергендерди белгисиз бирөөлөр коштоп жүргөнүн жазып, 10-апрелдеги добуш берүүнү тыкыр иликтөөнү талап кылган билдирүүсүн социалдык тармактагы баракчаларында таркатты.

"Реформа" партиясы мыйзам бузуулардын баарын байкоочулар каттап алганын белгилеп, аймактык шайлоо комиссиясынан добуш сатып алууга жана шайлоочуга басым жасоого тиешеси бар партияларды шайлоодон четтетүүнү талап кылган билдирүү жарыялады.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына "Республика", "Кыргызстан социал демократтары", "Улуу Журт", "Ак Бата" партиялары алдын ала добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу арыз менен кайрылышты.

Кыргызстанда бүгүн 11-апрелде жаңы Конституциянын долбоору референдумга коюлат жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Бул күнү өлкөдөгү 448 аймакта, же болбосо 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Шаардык кеңештерге шайлоо пропорционалдык система менен өтөт, анда талапкерлер партиялык тизме аркылуу гана ат салыша алышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG