Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Эрдоган Зеленский менен жолугушуудан соң Чыгыш Украинадагы окуяларга тынчсызданганын билдирди


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана иш сапар менен келген Украинанын президенти Владимир Зеленский (солдо). Стамбул. 2021-жылдын 10-апрели.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана иш сапар менен келген Украинанын президенти Владимир Зеленский (солдо). Стамбул. 2021-жылдын 10-апрели.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 10-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуудан кийин Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагындагы дүрбөлөңдүү окуяларды дароо токтотууга чакырды.

Стамбулдагы үч сааттан ашуун убакытка созулган жолугушуу Зеленскийдин мурда пландаштырылган иш сапарынын алкагында өттү. Бирок бул сүйлөшүүлөр Украинанын чыгышындагы узактан бери созулуп келе жаткан согуштук жаңжалга байланыштуу Киев менен Москванын ортосундагы жаңы тирешүүгө дал келди.


Зеленский менен бирге маалымат жыйынында чыгып сүйлөгөн Эрдоган Чыгыш Украинадагы орун алып жаткан соңку окуяларды "тынчсыздандыруучу" деп баалады. Эрдоган чөлкөмдөгү жаңжал Украинанын аймактык бүтүндүгүн назарда тутуу менен тынчтык жана баарлашуу нугунда чечилет деген үмүтүн билдирди.

“Ошондой эле биз Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана Түркиянын эгемендигин чечкиндүү коргойбуз. Биз Крымдын (Орусия тарабынан) каратылып алынышын тааныбоо боюнча өзөккү чечимибизди дагы бир жолу тастыктадык”, – деди президент Эрдоган.

Президент Зеленскийдин айтымында, Киев менен Анкара Кара деңиз аймагындагы коркунучтар жана аларга жооп кайтаруу жаатында бирдей көз карашты тутат.


Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн бир катар жаңы бөлүктөрүнүн жакынкы кездери Украинанын чек араларына жакын аймактарга жана Кремль Украинадан тартып алган Крым жарым аралынын ичкерисине топтоштурулушу ар кыл мультимедиалык жана башка даректер аркылуу тастыкталды. Мынчалык аскерлердин жыйылышы Москва Украинанын чыгышына өз күчтөрүн киргизүүгө даярданып жатат ко деген кооптонууну ого бетер күчөттү.

Кремль Батыш өлкөлөрүнүн орусиялык аскерлерди кайра артка жөнөтүү чакырыгын четке какты. Кремлдин оюнча, бул аскер бөлүктөрү эч кандай коркунуч туудурбайт жана аларды өлкө ичинде ары-бери орун которуштуруу – Орусиянын ички эгемендик укугуна таандык маселе болуп саналат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жакында Германиянын жана Франциянын тышкы иштер министрлери менен Орусиянын каратып алынган Крым жарым аралында жана Украинанын чыгыш чек арасына жакын аймактарында улам жаңы аскер күчтөрүн топтоосун токтотуу зарылдыгы жаатында кеңешти.


Вашингтон Орусияны Украинанын чыгышында "чагымчылдыкка" барып жатат жана "козуткуч куру чечендик" менен алектенүүдө деп айыптап чыкты. Орусия болсо өз жарандарын коргоо үчүн керек болсо тийешелүү аргага бара тургандыгын айтып, Киевге кыйыр сес көрсөттү. (TT)

XS
SM
MD
LG