Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Эрдоган: Түркия Крым аннексиясын тааныбайт


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Украинанын лидери Петро Порошенко.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Украинанын лидери Петро Порошенко.

Түркия Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдоону уланта берет. Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-октябрда Киевде украин лидери Петро Порошенко менен жолугушкандан кийинки маалымат жыйында билдирди.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Украинанын президенти Петро Порошенконун 9-октябрдагы жолугушуусу үч саатка созулду. Андан кийинки маалымат жыйында украин лидери Киев - Анкара ортосундагы стратегиялык өнөктөштүгү жогорку деңгээлде экенин билдирди. Ошондой эле Порошенко түрк бийлигин Крымдын деоккупациясы боюнча эл аралык топко кошулууга чакырды.

- Биз Украинада, өзгөчө Крымда адам укуктарын коргоо боюнча биргелешкен аракеттерибизди мындан ары да уланта берүүнү сүйлөштүк. Биз муну эл аралык механизмдер аркылуу ишке ашырууну көздөйбүз. Биз ошондой эле эле Түркия Крымдын оккупация болушун көздөгөн эл аралык топко кошулат деген ниеттебиз. Бул топ тууралуу мен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынында айткам.

Ал эми Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара Крым жарым аралынын Орусия тарабынан аннексияланышын тааныбастыгын айтты. Эрдоган ошондо эле Орусиянын абактарында камакта жаткан крым татарларына жардам көрсөтөрүн айтты.

- Мен дагы бир ирет Петро Порошенконун тынчтандырып, Түркия Украинанын көз карандысыздыгын, анын аймактык бүтүндүгүн колдоону уланта берет. Ошондой эле биз Киев крым татарларына көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Украина жана Түркиянын президенттери аялдары менен.
Украина жана Түркиянын президенттери аялдары менен.

​Москва жарым аралдын аймагындагы этностук азчылыктар куугунтукталып жатканын четке кагып, камалгандардын баары экстремисттик топторго катыштыгы бардыгын ырастап келет. Саясат таануучу Сергей Даниловдун пикиринде, Түркия-Украина сүйлөшүүлөрү эки тарап үчүн тең маанилүү:

- Мындай сүйлөшүүлөр бир катар, өзгөчө коопсуздук жаатындагы суроолор боюнча позицияларды тактап алганга жардам берет. Ал эми Түркия Орусия алакасын алсак, Путин менен Эрдоган бири-бирине анча ишенишпейт, бирок айрым суроолор боюнча бир пикирге келе алышат. Мына ушул жааттан алганда Эрдоганга күчтүү Украина керек.

Киевдеги жолугушуунун жыйынтыгында ар кандай тармактар боюнча бир катар келишимдерге кол коюлду. Порошенко Түркия эми Украинанын негизги беш соода өнөктөштөрүнүн катарына киргенин билдирди. Түркия менен Украина жакынкы беш жылда товар алмашуунун көлөмүн жылына 10 миллиард долларга чейин көбөйтүү ниети бар.

Түрк президенти Эрдогандын Украинага сапары Киев менен Анкара ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына арналган. Эрдоган Киевден кийин Сербияга барды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG