Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

Украинада аскер кампасы жарылды


Калиновка айылындагы окуя 26-сентябрдын кечинде башталган.
Калиновка айылындагы окуя 26-сентябрдын кечинде башталган.

Украинанын Винницы облусундагы аскерий бөлүктө өрт тутанып, курал-жабдык сакталган кампаларда жарылуу болду. Украин бийликтери 26-сентябрдын кечинде болгон аскер кампаларындагы жарылууну диверсия катары иликтөөдө.

Украинанын Винницы облусуна караштуу Калиновка айылынын тургундары социалдык тармактарга койгон видеолордо асманга көтөрүлгөн жалынды көрүүгө болот. Күбөлөр жарылуунун үнү окуя болгон жерден 270 чакырым алыс жайгашкан башкалаа Киевде да угулганын жазышууда.

Жергиликтүү тургундар алгач катуу жарылуунун үнү угулуп, анан асманга көтөрүлгөн жалынды көрүшкөнүн айтышса, маалымат каражаттары жарылуунун толкунунан райондук мамлекеттик администрациянын терезелери күбүлүп калганын жазышты.

Жарылууларга байланыштуу 50 чакырым радиустагы аба мейкиндиги жана Винницы-Киев жолу жабылып, поезд каттамдарынын маршруту өзгөртүлдү. Калиновка айылынан жана анын айланасындагы аймактардан отуз миңдей адам коопсуз жайларга көчүрүлгөнү расмий маалымдалды. Аларды көчүрүүгө жакынкы облустардан жүздөгөн полиция кызматкерлери жана Улуттук гвардиянын 600дөй аскери тартылганын УНИАН маалымат агенттиги жазды. Алар ошондой эле башка жакка көчүрүлгөн жергиликтүүлөрдүн үй-жайларын талап-тоноочулуктан сактоо милдетин да алышты.

Бийликтер Калиновкада электр кубатын үзүп, газ түтүктөрүн жабууну буйрушту.

Коопсуз жайларга көчүрүлүп жаткан Калиновка айылынын тургундары.
Коопсуз жайларга көчүрүлүп жаткан Калиновка айылынын тургундары.

Жарылуудан көп өтпөй Калиновка айылына Украинанын премьер-министр Володимир Гройсман, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси, генерал Виктор Муженко барышты. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Гройсман кампадагы жардырууга "тышкы фактор" себеп болушу мүмкүн экенин айтты.

- Биз өрттөнүп жаткан аймактын үстүнөн учтук. Анын аянты абдан эле чоң. Бирок, баса белгилеп кетейин - азыр тиешелүү кызматтардын баары кырдаалды жөнгөрүү үстүндө иштөөдө, - деди бүгүн Гройсман кабарчыларга.

Ал эми өлкөнүн ички иштер министиринин кеңешчиси Зорян Шкиряк "Фейсбук" социалдык тармагындагы баракчасына окуяны “Орусиянын душманчыл саботажы” деп атады. Ал ушуну менен Калиновкада аскерий кампалар жетинчи ирет өрттөнүп жатканын да кошумчалады.

"Орусиянын саботажы" деген версияны Украинанын Аскерий прокуратурасы да карап жатканын Коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Елена Хитлянска 27-сентябрда билдирди. Анын айтымында, окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды жана ага коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү да тартылды.

26-сентябрдын кечинде Украинанын Винницы облусунун Калиновка айылындагы аскерий бөлүктө өрт тутанып, курал-жабдык сакталган кампалар жарылып баштаган. Өрттөн эки киши жабыркаганы айтылууда. Алтымыш гектар аянтты ээлеген аскерий кампада 188 миң тонна курал-жабдык болгону маалымдалды.

Ал тапта АКШ армиясындагы штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы Жозеф Данфорд Украинага коргонуу куралдарын берүүнү сунуштады. Ал Украинага мындай курал “суверенитетин коргоосуна” жардам көргөзүү үчүн берилиши керектигин айтты. Аскерий колбашчы сунушу азыр каралып жатканын, чечимди Ак үй кабыл аларын да кошумчалады.

Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Барак Обаманын тушунда Вашингтон Киевге адам өмүрүнө зыян келтирбей турган гана аскерий жабдууларды берген.

Обаманын администрациясы куралдын башка түрүнүн берилиши Украинанын чыгышындагы өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл козголоңчулар ортосундагы жаңжалды күчөтүп жиберет деген кооптонуусун билдирген.

Киев болсо АКШдан курал берүүнү, өзгөчө ракеталык системаларды жөнөтүүнү суранган.

Украина чыгышындагы өкмөттүк аскерлер менен Орусия колдогон жикчилдердин 2014-жылдын апрелинен берки кагылыштарынан 10 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG