Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Минскте Украина боюнча сүйлөшүүлөр өтөт


АКШнын Украина боюнча атайын чабарманы Курт Волкер.
АКШнын Украина боюнча атайын чабарманы Курт Волкер.

Кошмо Штаттардын Украинанын чыгышындагы жаңжалды жайгаруу боюнча дайындалган атайын чабарманы Курт Волкер 21-августта Орусиянын өкүлү менен жолугушары күтүлүүдө. Эки тараптын сүйлөшүүсү Беларустун баш калаасы Минск шаарында өтөт.

Мамлекеттик департамент өткөн аптанын соңунда тараткан билдирүүдө эки тарап "орус-украин алакаларын" талкуулашарын билдирген.

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Курт Волкер жакында Кремлдин Украина боюнча атайын чабарманы Владислав Сурков менен жолугушуусу мүмкүндүгүн кыйыткан. Ал эми Беларустун Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты ырастап, эки тараптын сүйлөшүүсү жабык өтөрүн билдирди.

Волкер Минсктен кийин Литванын борбору Вильнюска барып, өкмөттүн жогорку даражадагы өкүлдөрү менен жолугушары күтүлүүдө. 23-августта болсо ал Кошмо Штаттардын коргоо министри Жим Мэттис менен кошо Киевге барат. Ал жактан украин бийликтери менен биргеликте «Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын калыбына келтирүү үчүн дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн кийинки кадамын" талкуулашарын Мамдепартаменттен кабарлашты.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон АКШнын НАТОдогу мурдагы элчиси Курт Волкерди аталган кызматка ушул жылдын июль айында дайындаган:

- Орусиялыктар биз менен Украина боюнча сүйлөшүүлөргө даярдыгын кыйытышты. Силерге маалым болгондой, биз Украинадагы жаңжалды жөнгө салып, Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, координациялоо максатында атайын чабарманды дайындаганбыз. Биз кимдир бирөөнү тышта калтырбай, бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен кризисти чечкенге аракет кылуудабыз, - деген Тиллерсон Курт Волкерди тааныштырып жатып.

АКШнын мамлекеттик катчсы Рекс Тиллерсон.
АКШнын мамлекеттик катчсы Рекс Тиллерсон.

Ал эми атайын чабарман өзү "Настоящее время" телеканалына курган маегинде Москва Украинадагы өз стратегиясын өзгөртмөйүнчө ал жактагы согуш аракеттери улана берерин билдирген.

- Биз сүйлөшүүлөрдү бийик стратегиялык деңгээлге чыгарышыбыз зарыл. Кошмо Штаттар бул процестте активдүү роль ойношу керек, мына ошол себептен мен бул кызматка дайындалдым. Ошону менен катар Норманд төрттүгүндөгү бардык өнөктөштөр, анын ичинде Германия менен Франция да бул процесске тартылышы керек. Чынын айтсам, эгер Орусия бул конфликттин чечилишин кааласа, анда өз стратегиясын өзгөртүүгө тийиш. Эгер биз Украинанын аймактык бүтүндүгү жана элинин коопсуздугу сыяктуу эки принцип боюнча бир пикирге келсек, анда прогресске жетишебиз деген ойдомун, - деген Волкер ошондой эле Вашингтон Украинанын өкмөттүк күчтөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн Киевге курал жеткирүүнү боолголоп жатканын кошумчалады. Буга чейин Кошмо Штаттар Украинага курал-жарак эмес, башка аскерий жардам көрсөтүп келген:

- Украинага куралдын жеткирилиши Орусияны дагы бир нерсе кылып жиберүүгө көкүтпөйт жана бул күчтөрдүн тең салмактуулугун эч өзгөртпөйт. Эгер Орусия украин аймагындагы аракеттерин күчөтүүнү көздөсө, биздин мындай чечимибиз Украинага өзүн өзү коргоого жардам берет. Москва азыр эч нерсе кылбаганын жана алдыда да эч нерсе пландабаганын айтууда. Эгер андай болсо анда курал-жарактын жеткирилиши эч кандай тобокелчилик жаратпайт.

Владислав Курков жана Курт Волкер.
Владислав Курков жана Курт Волкер.

​Украинанын президенти Виктор Янукович Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимден баш тартып, анын ордуна Москва менен соода байланышын бекемдөөнү чечкенден кийин
2014-жылдын февраль айында Киевде "Евромайдан" деген атка конгон массалык демонстрациялар тутанган. Элдик толкундоолор президенттин бийликтен кетишине алып келген. Андан кийин Орусия Крым жарым аралын басып алып, өлкө чыгышындагы жикчилдерге жардам бере баштаган. Үч жылдан бери токтобой жаткан жаңжал кеминде он миңдей адамдын өмүрүн алды.

Кремлдин Украинанын чыгышындагы жаңжалга кийлигишүүсү, Сириядагы согушта президент Башар Асаддын күчтөрүн колдоосу жана 2016-жылы Америкада өткөн президенттик шайлоонун жүрүшүнө ыктымал кийлигишүүсү Москва менен Вашингтондун ортосундагы мамилени Кансыз согуш маалындагыдан да солгундатканын байкоочулар белгилеп келишет.

Волкердин "Настоящее время" каналына курган маеги:
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG