Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 00:52

"Норманд төрттүгү" Украина кризисин талкуулады


“Норманд төрттүгү” Донбасстагы жаңжалды токтотууну көздөгөн тынчтык келишимин ишке ашырууга багытталган "токтоосуз чараларды" макулдашты. Мындай макулдашууга аталган төрт өлкөнүн лидерлери 24-июлда эки сааттык телефон аркылуу сүйлөшүүдө келишти.

24-июлдагы телефондук сүйлөшүүдө "Норманд төрттүгүнө" кирген Украина, Германия, Франция жана Орусиянын лидерлери буга чейин кабыл алынган Минск келишимин аткарууну макулдашты.

Бул тууралуу немис канцлери Ангела Меркель менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон 24-июлдун кечинде биргелишип тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Мындан тышкары билдирүүдө орусиячыл жикчилдер жана украин аскерлери бетме-бет келген аймактан оор курал-жарактарды чыгарып кетүү негизги мааниге ээ экени да белгиленген.

Донбасстын бардык райондоруна, орус-украин чек арасындагы көзөмөлсүз чөлкөмдө ЕККУнун Байкоочулар миссиясынын өкүлдөрүн киргизүү да маанилүү экени айтылат.

Төрт мамлекеттин лидеринин телефондук сүйлөшүүсү эки саатка созулду. Буга чейинки ок атышууну токтотуу чакырыктары эч натыйжа берген эмес.

Германиянын канцлери Ангела Меркель ай башында өткөн "Чоң жыйырманын" саммитинде Украинанын чыгышындагы жаңжалды токтотуу аракети "өтө жай" жүрүп жатканын маалымдаган.

24-июлдагы телефондук байланыш маалында украин президенти Петро Порошенко Москваны өлкө чыгышындагы козголоңчуларды курал менен камсыздоону токтотуу жана Орусиянын чегине жакын аймакка Улуттар Уюмунун бейпилдик күчтөрүн жайгаштырууга чакырганы маалым болду.

Макрон менен Меркель эки тарапты жыл соңуна чейин Минск келишиминдеги каралган шартта туткундарды алмашуу процессин улантууга чакырышты.

Ошону менен катар Макрон менен Меркель Донбасстагы жикчилдердин лидеринин өткөн аптада “Малороссия” деп аталган мамлекет түзүү тууралуу билдирүүсүн кескин сынга алышты.

Бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда телефондук сүйлөшүүлөргө жаңжалга байкоо жүргүзгөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлү да катышты.

Бир күн мурда АКШнын атайын өкүлү Курт Волкер Киевге келип, президент Петро Порошенко менен жолуккан. Киевдеги билдирүүсүндө Курт Волкер Украинанын чыгышындагы согуш үчүн жоопкерчилик Орусиянын мойнунда экенин белгилеген.

"Бул токтоп турган жаңжал эмес, бул азыр курчуп турган согуш жана барыбыз тезирээк чече турган кризис", - деди Волкер.

Мамлекеттик департамент Волкерди бул кызматка өткөн айда дайындап, Украинадагы үч жылдан уланып келген жаңжалды жайгаруу максатында сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү дайындаган. Ал Украинага жасаган алгачкы сапарынын жүрүшүндө украин аскерлеринин көзөмөлүндөгү Краматорск шаарына барды.

Кошмо Штаттар жана башка батыш мамлекеттери Украинанын Крым жарым аралын аннексиялаганы жана Донбасстагы козголоңчуларга колдоо көрсөткөнү үчүн Москвага каршы экономикалык санкцияларды киргизишкен. Орусия ушул күнгө чейин козголоңчуларды курал менен камсыздап жатканын танып келет.

Соңку бир нече күндөн бери Украинанын чыгышындагы ок атышуулар күчөп, кеминде 11 киши мерт болгону маалымдалды. Жалпысынан 2014-жылдын апрель айында тутанган жаңжал баш-аягы 10 миңдей адамдын өмүрүн алды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG