Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:50

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусия Украинанын аймагынан "миңдеген аскерлерин чыгарып кетиши керек жана Донбасстагы жикчилдерди колдоону токтотушу зарыл" деп билдирди.

Бул тууралуу ал 10-июлда Киевде украин президенти Петро Порошенко менен жолугушуудан кийин маалымат жыйында айтты. Порошенко НАТОнун стандарттарына шайкеш келген реформалар 2020-жылга чейин жасалат деп убада кылды.

Кремль Украинанын НАТОго кирүү аракетин такай сынга алып келет.

Ал арада Евробиримдикке мүчө мамлекеттер аталган шаркет менен Украина ортосундагы ассоциация келишимин жактырды.

Киевде 10-июлда Украина - НАТО кеңешинин жыйынында Түндүк атлантикалык альянстын башчысы Йенс Столтенберг аймактын бүтүндүгү үчүн Украинага колдоо көрсөтүлөрүн дагы бир жолу бышыктады. Киберкоопсуздукту бекемдөөгө жана жаңжал жүрүп жаткан аймактарда жарадар болгондорго жардам көрсөтүү максатында Киевге 40 миллион евро берилерин билдирди.

Столтенберг өлкө чыгышындагы Донбасс аймагындагы жагдайды жөнгө салууда Минск келишими жалгыз чара экенин белгиледи:

- Ок атышууну токтотуу макулдашуусу сакталбай жатканы түшүнүктүү. Бизди аймакта Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочуларына каршы коркунуч көбөйгөнү да тынчсыздандырат. Минск келишими тынчтыкка карай жалгыз жол бойдон кала берүүдө. Орусия миңдеген жоокерлерин Украинадан чыгарып кетип, жоочуларды башкаруу жана аскер техникалары жагынан колдогонду токтотушу керек.

Ал ортодо расмий Киев НАТОго кошулуу үчүн азырынча арыз бербей турганы маалым болду. Украин президенти Петро Порошенконун айтымында, жакынкы жылдары НАТОнун стандарттарына шайкеш келүү үчүн коргоо жаатындагы реформаларга басым жасалмакчы. Киевдеги жолугушууда Украинанын Түндүк Атлантика биримдигине кирүү планы талкуулана баштары жарыяланды:

- Бул мүчөлүккө өтүү үчүн дароо арыз беребиз дегенди билдирбей турганын дагы бир жолу белгилегим келет. Бул деген реформалардын реалдуу программасын, кызматташуунун программасын иштеп чыгып, керектүү стандарттарга жетүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз дегенди билдирет. Мында бизге НАТО боюнча өнөктөштөрбүздүн кызматташтыгы менен жардамы абдан керек.

Порошенко Донбасстагы кырдаалдан, андагы Орусиянын аракеттеринен улам НАТОнун ролу менен салмагы барган сайын жогорулап баратат деп айтты.

Өткөн айда Жогорку Рада НАТОго кошулууну тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыты деп бекиткен.

Украина чыгышы соңку үч жылдан бери тынчый элек. Алгач Орусия Крымды аннексиялаган, ага улай Донбасстагы орусиячыл жикчилдер өкмөткө каршы баш көтөргөн.

Ал ортодо 11-июлда Евробиримдикке мүчө 28 мамлекет шаркет менен Украина ортосундагы ассоциация келишимин жактырды. Бул ратификация жараянындагы соңку этап. Кабыл алынышы бир нече жылга созулган келишим 1-сентябрдан тарта күчүнө кирмекчи.

Макулдашуу тууралуу келишимге алгач 2013-жылдын ноябрь айында кол коюу пландалган болчу. Бирок ошол кездеги Украинанын президенти Виктор Янукович Москванын басымынын алдында келишимден баш тарткан. Бул ири нааразылык акциялардын тутанышына, анын арты менен Януковичтин бийликтен мөөнөтүнөн мурда кетишине алып келген.

Украинанын азыркы президенти Петро Порошенко келишимге 2014-жылдын июнь айында кол койгон. Бирок документтин ратификацияланышын Нидерланддар создуктуруп келген. Былтыр жазында референдумда Нидерланддар калкынын теңинен көбү макулдашууга каршы чыккан. Бирок аталган өлкө макулдашууну быйыл июнь айында гана парламент аркылуу ратификациялады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG